Франсуа Миттеран

Википедия дан
François Mitterrand (1984)

Миттеран Франсуа (26.10. 1916, Шаранта департаменти, Жарнак – 8. 1. 1996, Париж) – фр. мамлекеттик жана саясий ишмер. 1937-жылы Парижде жана Сорбоннада билим алган. Кесиби боюнча юрист жана филолог. 2-дүйнөлүк согушта жарадар болуп, 1940-жылы туткунга түшкөн. 1941-жылы туткундан качып, Францияга кайтып келген. 1942-жылы Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. 1944-жылы шаары де Голлдун өкмөтүндө туткундардын иштери боюнча генералдык секретарь, 1945-жылы Каршылык көрсөтүүнүн демократиялык жана социалисттик союзу солчул центристтик партиясын негиздеген. Француз парламентинин депутаты (1946–58; 1962–81). Төртүнчү республикасынын мезгилинде мурунку фронтовиктердин иштери боюнча министр (1947–48), Министрлер Советининн төрагасынын алдындагы мамлекеттик секретарь (1948–49), Деңиздин ары жагындагы аймактар иштери боюнча (1950–51), мамлекеттик министр (1952), ЕС иштери боюнча (1953), ички иштер (1954–55), юстиция (1956–57) министри. Бешинчи республика негизделгенден кийин солчул оппозициянын башкы лидерлеринин бири (1958). 1965-жылы Демократиялык жана социалисттик солчул күчтөрдүн федерациясын түзгөн. 1970–71-жылдары Республикалык институттар конвенти партиясын расмий жетектеген. 1971-жылы Француз социалисттик партиясынын 1-секретары, 1981–95-жылдары Франция президенти болуп иштеген. Ал өнөр жай ишканаларын жана банктарды улутташтыруу, мамлекеттик бийликти борбордоштуруу, жумуш күнүн кыскартуу ж. б. иштерди жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]