Фридрих, Иодоль

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Йодоль Фридрих (1849–1914) – австриялык философ, Фейербахтын антропологизмине позитивдүү баа берүү менен анын жолун улаган. Прага (1885), Нема (1895) университеттеринин профессору.

Идеализм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Идеализмди, өзгөчө платонизмди, кантианчылыкты жана махизмди сынга алган да, идеализмге «физикалык чындыкты» сын көз караш менен окуп-үйрөнүүгө багыт алган «реализмди» каршы койгон (караныз: «Идеализмди сынга алуу» – Kritik des idealismus», 1920-жылы автордун көзү өткөндөн кийин жарык көргөн). Йолольдун пикири боюнча ой жүгүртүү «дүйнөнү жаратпайт, болгону эле аны «табат» жана «чагылдырат». Бирок, объективдүү дүйнөнүн аң-сезимден көз каранды болбой жашагандыгын баса белгилөө менен Йодоль анын негизинде дүйнөнүн мүмкүндүгү болуп саналган акыл-эс жатат деп көрсөткөн. Йодольдун окуусунда жаратылыш кудай эмес, дүйнө кудай тарабынан жаратылган эмес, бирок, кудай жаратылыштын түпкүрүнөн суурулуп чыгып, адамдардын жүрөгүнөн, алардын рухий дүйнөсүнөн орун алуу менен сүйүүнү жаратат. Ошол себептен Йодоль төмөнкүдөй мазмундагы «жаңы динди» негиздөөгө далалаттанган: кудай жаратылышта же андан сырткары жерде, асманда же Теңир дүйнөсүндө эмес, адамзаттын идеалдуу дүйнөсүндө жашайт. Этикада Йодль «адамзаттын динин» жактаган, башка айтканда жалпы, өзгөргүс же тубаса мүнөздөгү моралдык нормалар жок, ошол себептен моралдын негиздерин официалдуу динден издөөнүн кажети жок (“Geschichte der Ethik in der neueren Philosophie”, Bd 1–2, 1882–89, орусча басылмасы «История новой этики в новой философии»,1–2, (1896–98). Буржуазиялык реформаларды жактоо менен динге каршы жүргүзүлгөн бир катар кыймылдарга катышкан, клерикалдар тарабынан сынга алынган. Болин менен бирдикте Фейербахтын чыгармаларын басып чыгарган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]