Фриз аралдары

Википедия дан

Фриз аралдары - Түндүк деңизиндеги архипелаг.

Европанын түндүк-батышында. Нидерланд (Батыш Фриз аралдары), Германия (Чыгыш жана Түндүк Фриз аралдарынын түштүк бөлүгү) жана Даниянын (Түндүк Ф. а-нын түндүгү) курамына кирет. Жалпысынан 62 аралдан туруп, деңиз жээктей 250 кмге созулуп жатат. Аянты 480 мин км2 (толкундун жана шамалдын таасиринен өзгөрүп турат). Сайроондор (ваттар) аркылуу материктен бөлүнөт. Дюналар (бийиктиги 20 жге чейин) кездешет. Вереск бадалы, мырза карагай токойлору өсөт. Дениз куштары уялайт. Бир нече резерват уюштурулган. Деңиз курорттору бар. Фриз аралдарын жээктей маанилүү деңиз жолдору өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4