Фрунзе арашан суусу

Википедия дан

Фрунзе арашан суусу Бишкек арашан суусу Бишкек шаарынын аймагынан бургулоо көзөнөгүнөн чыккан, дарылык касиети бар минералдуу суу. 1980–81-ж. Кыргыз комплекстүү гидрогеол. экспедициясы чалгындап, запасын бекиткен. Термоминералдык суу неоген мезгилинин чүй свитасынын катмары менен байланышкан. Чүй свитасы кумдуктар, аргиллиттер жана аргиллит сымал чополордун кат-кат болуп жатышынан түзүлгөн. Чүй свитасынын мындай түзүлүшү 1380–2000 м тереңдикте жогорку, кысымдагы жана минералдашкан суу горизонтунун пайда болушуна шарт түзгөн. Бургулоо көзөнөктөрүнүн салыштырмалуу дебити 0,03–0,056 л/сек. Суунун температурасы 39°С, минералдануусу 8,0 г/лден 19,5 г/лге чейин. Химиялык курамы боюнча суу хлориддүү, натрий-кальцийлүү. Суу муун, тери, нерв системасын түшүү, ашказан, ичеги-карын ооруларын ичүү жолу менен дарыласа болот. 1997-ж. суу бөтөлкөлөргө куюлуп, «Бишкек» минералдык суусу аталып, сатыкка чыгарылган. Запасы А категориясы боюнча суткасына 0,466 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]