Фундаменталдуу Физика жаатындагы өзгөчө жетишкендиктер сыйлыгы

Википедия дан

Фундаменталдуу Физика Сыйлыгы - Фундаменталдуу Физика Сыйлыгын берүү Уюму тарабынан берилүүчү наам. Бул 2012-жылы орусиялык Юрий Милнер аттуу физик жана интернет ишкери тарабынан түзүлгөн жана фундаменталдуу физика боюнча изилдөө жүргүзгөн физиктерге сыйлык берүүчү коммерциялык эмес уюм.

2012-жылы, июль айында бул сыйлыктын акчалай сыйлыгы Нобель сыйлыгынан эки эсе жогору болуп, дүйнөдөгү эң кымбат сыйлык аталган. Ал эми массалык маалымат каражаттары сыйлыкты ошондой эле "21 кылымдын Нобели" деп атап коюшат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талапкерлер жана сыйлык акысы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылдын, июль айынан бери эл каалаган кандидатын FPP вебсайты аркылуу наамга көрсөтсө болот. 2012-жылдын, июль айынан бери ар бир сыйлык 3 миллион долларды түзөт. Ал эми валюттук баалуулугу жагынан эң престиждүү деп эсептелген Нобель сыйлыгынан да жогору турат. Ал 2012-жылы 1.2 миллион долларды түзгөн. Фундаменталдуу Физика сыйлыгын албаган Физика боюнча сыйлыктын лауреаттары (Физика боюнча сыйлык үчүн тизмеде тургандар) (2013-жылдан бери) ар бири 300.000 АКШ долларына ээ болушат жана кийинки беш жыл боюнча автоматтык түрдө Фундаменталдуу Физика сыйлыгына көрсөтүлүшөт.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]