Фьорд

Википедия дан

Фьорд, фиорд - кууш, терең деңиз булуңу.

Жээктери тик жана аскалуу. Айрым Ф-дун уз. 200 км, тереңдиги 1000 -мге чейин жетет (мис., Норвегиядагы Согне-Фьорддун, уз. 204 км, туурасы 1,5-6 км, тереңдиги 1208 -мге чейин). Деңизден суу астындагы тоскоолдор менен бөлүнүп турат. Ф-дор адегенде мөңгүлөрдүн аракетинен өзгөрүп, кийин деңиз каптап калган байыркы дарыя өрөөндөрү менен тектоникалык ойдуңдардын ордунда пайда болот.

Алар жогорку кеңдиктеги, байыркы муз калтоого дуушарланган аймактарга гана мүнөздүү болуп, Норвегия, Гренландия, Чили (Оттуу Жер а.), Аляска, Кола ж. а-нын жана Шпицберген, Жаңы Жер а-нын жээктеринде эң көп кездешет. Айрым Ф-дордо Осло, Ставангер, Тронхейм (Норвегия) ж. б. ири порттор орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4