Хадзапи тили
Хадзапи — Танзаниянын түндүгүндө жашаган хадзапи элинин эне тили. Ал тил Эяси көлүнүн түштүк жээгинде таралган.
Расмий аталышы: |
Хадзапи |
---|---|
Өлкөлөр: | |
Аймактар: |
Аруша, Сингида, Шиньянга провинциялары |
Колдонгондордун жалпы саны: |
1000 (2015ж.) |
Статусу: |
жоголуп кетүү коркунучу бар |
Классификациясы | |
Түрмөгү: |
Африка тилдери |
Тилдер коду | |
ISO 639-1: |
— |
ISO 639-2: |
— |
ISO 639-3: |
Классификация
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Изоляцияланган тил. Башка африкалык тилдер менен байланышы жок. Бирок тилде чыкылдаган үнсүздөр болгон үчүн, ал тил койсан тилдерине гипотетикалык түрдө киргизилген.
Сандаве тили жана жалпысынан койсан тилдери менен генетикалык байланыш азырынча талаштуу деп эсептелет. Айрым тилчилер сандаве жана хадзапи тилдердин ортосунда анча-мынча окшоштуктарын эки тилде кушит лексемаларынын болушу менен түшүндүрүшөт, ал эми Түштүк Африканын койсан тилдери менен алыскы окшоштуктарды кокустук деп эсептешет.
Америкалык окумуштуу А. Найт тилди бардык тилдер үчүн жалпы тил атасынан бөлүнгөн биринчи тил бутагынын жалгыз тукуму деп гипотеза сунуштаган.
Структура
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Грамматикалык түзүлүш жалпысынан агглютинативдик флексия менен мүнөздөлөт. Этиш суффиксалдык жакталышка мүнөздүү. Сөз формасынын курамында түрдүн же убакыттын, субъекттин жана объекттин көрсөткүчтөрү өзүнчө белгилениши мүмкүн. Негизги сөз тартиби: «предикат+ предмет+объект».
ФОНЕТИКА
Чыкылдатуу системасында 9 эки фокустуу фонема бар, алар 3 типтеги негиздердин 3 баштапкы түрү менен айкалышкан. Түштүк Африканын койсан тилдерине караганда, хадзапи тилинде тиешелүү фонемалар баштапкы абалында гана эмес, сөздүн ортосунда да пайда болушу мүмкүн. Вокализмдин базалык негизи 5 негизги тембрден турат.
Үндүлөр
Хадза тилинде беш негизги үндүү [i e a o u] берилген. Үндүү тыбыштар каткалаң үнсүздөрдөн кийин сөздүн аягында үнсүз болуп угулушу мүмкүн. Узун үндүүлөр интервокал [ɦ] түшүрүлгөндө жолугат. Мисалы [kʰaɦa] же [kʰaː], чыгуу. Лексикалык мурун үндүүлөрүн [ĩ ũ] камтыган эки гана сөз белгилүү. Назализация мурундун үнсүз чыкылдатуулардын алдында болот.
Үнсүздөр
Лабиалдык абруптив [p’] бир нече сөздөн гана кездешет. Аппроксимант [ɾ] үндүүлөрдүн ортосунда кездешет. Сандаведей эле, хадза тилинде постальвеолярдык жана палаталдык кликтер айырмаланбайт. Постальвеолярдык кликтерди айтууда тил ооз көңдөйүнүн түбүн катуу кагат жана бул сокку катуураак болушу мүмкүн кликтин негизине караганда.
Просодия
Тон системасы жогорку жана төмөнкү регистрлердин карама-каршылыгы менен чектелет. Тилде музыкалык басым системасы бар, бирок ал азырынча начар изилденген.
Лексика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Лексика (Старостин Г.С. 2013):
мен — o=no
сен — te
биз — u-
эмне — ʔakwaʒa
ким — ta- ; ʔaku
бир — ʔičáme
эки— piye
куш — tʰítʰí
ит — ǁáʔano
дарак — cˀiti
жалбырак— hacˀape
эт — mana
жумуртка — uɬe
мүйүз — loʔo
куйрук — cˀahó
баш — ƛˀóma
чач — haƛˀe
көз — ʔakʰwa
кулак— hačˀapičˀi
мурун — ʔintʰawe
тиш — ʔáhà
тил — ǀ̃átʰâ
ооз — ʔawanika
кол — ʔukʰwa
тырмак — baɬu
бут — ʔapukwa
жүрөк — ʔasači
кан — átʰaʔmá
сөөк — miƛˀa
ичүү — fá
тамактануу — séme
угуу — ǁ̃aʔe
өлүү— misi; taǁˀi
өлтүрүү — ǁó
күн — ʔišo
ай — sétʰa
жылдыз — ncʰa
суу — ʔatʰi
жаан — ʔatʰi
таш — ha(n)!ˀa
түтүн— cˀikˀo
от — cˀokˀo
күл — hocˀo
кара — tičˀi
түн — cˀifi
жаңы — ʒana
кургак — ǁˀape
ысым — ʔakana
Лексиканын бир бөлүгү кушит, нилот жана банту тилдеринен келген сөздөрдөн турат.
Орфография
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тилдин жазуусу жок. 2013-жылы латын алфавитинин негизинде орфографиянын расмий долбоору иштелип чыккан. Бирок ал кеңири колдонулган эмес.