Хажимурат Коркмазов

Википедия дан

Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич-коомдук ишмер,КР V чакырылышынын депутаты.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1953-жылы 26-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильев шарапсовхозунда туулган.

Жогорку билимдүү.

1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «юрист-укук таануучу» адистиги боюнча бүтүргөн.

1971-1972-жылдары Кант районунун Киршелк к. Фрунзе айыл чарба техникумунда окуган.

1972-1974-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1974-1975-жылдары Фрунзе айыл чарба техникумун аяктаган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1975-жылы Москва районунун «Заветы Ильича» колхозунун зоотехниги, СТФнын бөлүм башчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1979-1981-жылдары Москва районунун «Заветы Ильича» колхозунун комсомол уюмунун катчысы болгон.

1981-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Сокулук районунун ИИБнын оперкызматчысы, бөлүмдүн начальниги болуп иштеген.

1994-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Президиумунун Мыйзамдуулук жана укук тартиби маселелери боюнча улук консультанты болгон.

1994-жылдын апрелинен 1995-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Президиумунун Укук бөлүмүнүн улук консультанты болгон. 1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын I чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 1998-2000-жылдары [[Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Сот-укук реформасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын II чакырылышынын депутаты.

2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Ш чакырылышынын депутаты. 2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин төрагасы.

2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты. 2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

2011-жылдын 8-сентябрында «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылдын 15-сентябрында Сот-укук маселелери боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн курамына киргизилген.

2001-жылы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» I даражадагы медалы менен сыйланган.

2 Класстагы мамлекеттик кеңешчи.

Милициянын генерал-майору атайын наамы бар.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[1]