Хаммаршельд Даг Яльмар

Википедия дан

Хаммаршельд Даг Яльмар (29. 6. 1905, Йёнчёпинг - 18. 9. 1961, Замбия, Ндола) - Швециянын мамлекеттик ишмери, экономист, БУУнун генералдык секретары (1953-61), Швеция академиясынын мүчөсү (1954).

Нобель сыйлыгынын лауреаты (1961, өлгөндөн кийин берилген). 1928-ж. Упсалауниверситетин бүткөн. 1930-34-ж. Стокгольмдо жумушсуздук проблемасы боюнча өкмөттүк к-ттин катчысы, 1935-36-ж. Швеция банкынын (өлкөнүн борбордук банкы) секретары, 1936-45-ж. Финансы министрлигинин статс-секретары, 1945-47-ж. экономика жана финансы маселелери боюнча министрлер кабинетинин кенешчиси, 1947-48-ж. тышкы иштер министрлигинин статс-секретары, ошону менен бирге 1941-48-ж. Шведия банк башкармалыгынын төрагасы, 1948-49-ж. Тышкы иштер министрлигинин аткаруу к-тинде төраганын орун басары, 194953-ж. Тышкы иштер министрлигинин генералдык секретары, министрдин орун басары, ошол мезгилде БУУнун Генералдык Ассамблеясынын эки сессиясына (1951-52-ж. Париж, 1952-53-ж. Нью-Йорк) Швеция делегациясын жетектеп барып, БУУнун иштерине активдүү катышкан. Ал акын, журналист жана эссеист катары да белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4