Харди-Вайнберг мыйзамы

Википедия дан

Харди-Вайнбергдин закону - бир жуп аллелдүү гендери боюнча айырмаланган (А - а) эркин аргындашуучу (менделдик, панмиксиялык) популяцияда генотиптик класстарынын бөлүштүрүү жыштыгын түшүндүрөт. 1908-ж. Г. Харди жана В. Вайнберг тарабынан бири-биринен көзкарандысыз, өз алдынча аныкталган. Р =А аллелинин ж-а q = а аллелинин жыштыгында (p+q=1) үч генотиптик класстардын - АА, Аа ж-а аа жыштыгы P2+2pq+q2=1 ди түзөт. Х. - В. з. популяциялык генетикалык үчүн олуттуу мааниге ээ, себеби тукум куугучтуктун Мендель закондору популяциялык деңгээлде фенотипке чыгышын чагылдырат. Х. - В. з. сырткы чөйрөнүн шарттарынын салыштырмалуу туруктуулугунда жетишээрлик чоң өлчөмдөгү панмиксиялык популяциянын теңсалмактуу абалын мүнөздөйт. Бирок бул популяциялар табигый шарттарда туруктуу, тез - тез өзгөрүүлөргө кабылышат. Ошондуктан Х. - В. з-н кийинки популяциядагы генетикалык түзүлүштөр үчүн алгачкы, эң жөнөкөй үлгү катарында кароо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]