Хафиз-и-Таныш

Википедия дан

ХАФИЗ-И ТАНЫШ, Х а ф и з и б н М у х а м м е д а л – Б у х а р и (1549–1558-жылдан кийин) – бухаралык тарыхчы ж-а акын.
1584-жылдан өлгөнгө чейин Бухара хандыгынын ханы Абдулла Экинчиге багыштап, фарсы тилинде тарыхый «Шараф наме-ий шахи» («Шах сыймыгы китеби») эмгегин жазган. Бул китеп «Абдулла- нааме» деп да аталат. Анын алгачкы бөлүктөрү эки томдук болуп орусчага которулган. Эмгекте Моголстан ханы өзүнүн кыздарын Мавереннахрды бийлеген маркум Абу Саиддин уулдарына турмушка бергендиги айтылат. Йинус хан кызы Кутлуг-Нигар ханумду Омор шейх мырзага баш коштурган. Алардан «урматы улук Мухаммед Захир ад-Дин Бабур төрөлгөн», – деп айтылат. 1575-жылкы окуяларды сүрөттөп келип, Х.-и. Т. кыргыздардын айрым бир тобу Каратегинден (Тажикстандагы памирден) Ысарга (Гиссар) ж-а Дехнауга чейин (Ооганстандагы Памирге) кирип баргандыгы эскерилет. Бул Памир кыргыздарынын тобу ж-дөгү алгачкы мааламаттардан болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003