Хашимиттер

Википедия дан

Хашимиттер, Бану Хашим — 1) Мухаммеддин (САВ) чоң атасы Хашим ибн Абдулманнаптын урпактары; Хашимиттер Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) тирүү кезинде жана ал өлгөндөн кийин араб-мусулман тарыхында маанилүү роль ойногон; 2) Хашимиттер бир нече мусулман башкаруучуларынын династиясын түзгөн. Мисалы 10-кылымдан 1924-жылга чейин Меккенин шарифтери, губернаторлору. Бул династиянын өкүлдөрү (аль-Хавошим-Хашими) 20-кылымдын башында Хижазда (1908-25) жана Иракта (1921-58) мамлекетти башкарган.1921-жылдан Иордания Хашимит падышалыгында, Хашимиттердин дагы бир бутагы Марокко королдугун башкарган (10-кылымдан).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.https://w.wiki/9Nhk Орус википедиясында Хашимиттер туралуу. Текшерилген күнү 05-03-2024.

2.https://kingabdullah.jo/en/page/the-hashemites/hashemites Падыша Абдулла II расмий сайты. Текшерилген күнү 05-03-2024.

3.http://www.iranicaonline.org/articles/shiites-in-arabia Ираника энциклопедиясы. Текшерилген күнү 05-03-2024. Меккенин шариф башкаруучуларынын (хасаниддердин) зейдий мазхабы жана Мадинанын (хусайниддер) эмирлеринин имамий-шиилик багыттары орто кылымдардагы сунни жана шийи байкоочуларына жакшы белгилүү болгон. Бул абал Мамлюк бийлигинин тушунда акырындап өзгөргөн (мамлюк доорунун акырына чейинки бир нече кылымдардагы өнүгүү үчүн төмөндөгү библиографияда айтылган Мортелдин макалаларын караңыз). Бир катар шиит жана суннит булактары Хижаздын хашимит (расмий сунни) үй-бүлөлөрүнүн же жок эле дегенде алардын айрым мүчөлөрүнүн шийилерге боор ооруганын (болжолдуу же чыныгы) ишара кылышат.