Хейердал Тур

Википедия дан
Thor Heyerdahl (1967)

Хейердал Тур (6. 10. 1914, Ларвик -18. 4. 2002, Алассио, Италия) - норвег илимпозу, саякатчы жана жазуучу. Осло университетинде окуган (193338).

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Норвег каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. 1947-ж. 5 жолдошу менен «Кон-Тики» калкыма салы менен Тынч океанды кесип, Перудан Туамоту архипелагына сүзүп өткөн. 1953-ж. Галапагос а-на, 1955-56-ж. Пасхи, Рапа-Ити жана Маркиз а-на экспедиция уюштуруп, археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 1969 жана 1970-ж. «Ра» жана «Ра-2» папирус кайыгы менен Марокконун батыш жээгинен Американын жээгине карай экспедицияга чыккан. Хейердал 1978-ж. «Ра-2» экипажын кайра чогултуп, байыркы шумерлердин Месопотамиядан дениз жолу аркылуу Африка ж. б. жерлер менен катташуу мүмкүндүгүн далилдеш үчүн «Тигрис» кайыгы менен Перс булуңунан Карачи (Пакистан) шаарына, андан Аден булунуна сүзүп келген. Бул экспедицияларга советтик врач Ю. А. Сенкевич да катышкан. Эфиопия-Сомали согушуна байланыштуу АКШнын согуш кемелери менен самолёттору көп жүргөндүгүнө нааразылык катары Баб-Эль-Мандеп кысыгына жакын жерде «Тигристи» өрттөп жиберип, X. жана экипаж мүчөлөрү мекендерине кайткан. Хейердалдын саякат, экспедициялар жөнүндө жазган кызыктуу жана романтикага бай илимий-көркөм китептери элге кеңири белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4