Хейлит

Википедия дан

Хейлитэриндин сезгенүүсү.
Анын пайда болушуна эриндин жарылып кетиши, травмага учуроо, кислота, жегич менен күйгүзүп алуу, күндө, катуу суукта көпкө болуу себеп болот; кээде ооруну мите козу карындар (кандидоз), вирустар (учук) пайда кылат. Айрым учурда оозго сүйкөлүүчү боёктон аллергия болгондо, ичеги-карын, жүрөк ооруларында, витамин жетишпегенде (өзгөчө В витамини) пайда болот.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хейлит кээде катуу кармайт, көбүнчө өнөкөт түрүндө өтөт.

  • Катуу кармаганда эрин кызарып, шишип ооруйт, сүйлөгөндө, тамак жегенде ооруганы күчөйт. Айрым учурда ириңдеп кетет. Ириңдүү хейлит шилекей бездери ашкере же начар иштешинен пайда болот. Мында ооздун ичиндеги былжыр чел жана астыңкы эрин, шилекей, алкым бездери жабыркайт. Кээде бездердин түбүнө түрдүү микробдор түшүп ириңдейт. Жабыркаган эриндер шишийт, жаак бездери басканда ооруйт, адатта температура көтөрүлөт. Шилекей безинин иши бузулушунан эрин кургап, жарылат. Жараланган жер сууланып, кычышат.
  • Өнөкөт түрүндө ооздун ичи, эрин, тил жана жаак нерв талчалары сезгенет. Ооздун ичи калыңданат, эриндер шишип, калбыйып чыгат. Шишик бир нече ай созулуп, кийин жоголуп, кайра пайда болот. Кээде шишик тил, мурунга жайылат. Жаак нервдери жабыркагандыктан бет булчуңдары шал болот.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хейлитти дарылоону оорунун пайда болуу себебине жараша врач жүргүзөт. Оорунун алгачкы белгиси билинери менен врачка кайрылуу керек. Алдын алууда травмага учураганда жабыркаган жерди даки же кебезден жасалган тампонду риванол, марганцовканын эритмесине же фурациллинге малып сүртүү керек. Күнгө күйгөндө жана суукта эрин туурулуп кетпес үчүн «А» витаминдүү, гормондуу майлар менен эринди майлаган жакшы, кислота же жегич менен күйгүзүп алганда тезинен суу менен жууп, врачка кайрылуу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8