Хейфиц Иосиф Ефимович

Википедия дан

Хейфиц Иосиф Ефимович (4. (17). 12. 1905, Минск - 24. 4. 1995, Санкт-Петербург) - советтик кино режиссёр жана кинодраматург.

СССРдин эл артисти (1964), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1975). Ленинград экрандык искусство техникумун жана искусство тарых институтунун киноф-тин (1928) бүтүргөн. Режиссёрдук ишин 1928-ж. баштаган. Фильмдеринин көбүн А. Зархи менен бирге тарткан («Чак түш», 1931; «Балтика депутаты», 1936; «Өкмөт мүчөсү», 1940 ж. б.). 1945-ж. «Япониянын талкаланышы» документалдык фильмине жетекчилик кылган. X. «Чоң үй бүлө» (1954), «Румянцевдин иши» (1956) ж. б. фильмдерди коюп, советтик кино искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон. Анын фильмдерине белгилүү артисттер И. С. Саввина, A. В. Баталов, А. Д. Папанов, О. И. Даль, В. С. Высоцкий, Л. В. Максакова, A. Н. Роговцева, E. А. Коренева, С. Ю. Садальскийж. б. тартылган. 197186-ж. СССР Кинематографистер союзунун биринчи секретары болгон. «Тентиген автобус» (1989) драмалык тасмасы анын акыркы тарткан фильми. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1946). Эки Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4