Мазмунга өтүү

Хекман Джеймс жана Дэниел Мак Фадден

Википедия дан

Хекман Джеймс жана Дэниел Мак Фадден (АКШ) - (микроэкономика боюнча иштери үчүн Нобель сыйлыгына татыган) 2000-ж. Хекман (Чикаго университетинен) ар бир адамдын билиминин, жашаган жеринин ж.б. көрсөткүчтөрүнүн, анын турмушунун экономикалык абалынан көз карандылыгын анализдөөнүн теориясын жана ыкмаларын өркүндөткөнү үчүн белгиленген.

МакФедден (Беркли) жекече (индивидуалдуу) статистика-экономикалык маалыматтарды формалдуу иштетүүнүн методикасын өркүндөткөндүгү үчүн сыйланган. Бул окумуштуулардын иштеп чыккан теориясынын негизинде тандап изилденген маалыматтарды адекваттуу иштетип пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мында респонденттердин жекече өзгөчөлүктөрү эсепке алынган. Эки окумуштуунун эмгектеринде глобалдуу маселелер каралган эмес. Алар экономикалык теорияны конкреттүү адамдын өмүрүндө жашоо турмушун изилдөөгө пайдаланышкан. (Демек, бул микроэконометрика дегенибиздин дал өзү.)

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9