Хелена Бонэм Картер

Википедия дан

Хелена Бонэм Картер (англ. Helena Bonham Carter;1966-жылы 26-майда туулган) — англиялык актриса. Ал аз бюджеттүү артхаустардагы жана өзүнчө тасмалардагы ролдорунан тарта Голливуддагы кеңири масштабдагы кинофильмдерде жараткан образдары менен белгилүү. Ал «Сүйүшкөн канат» (1997) тасмасындагы Кэйт Кройдун ролун аткарганы үчүн «Оскардын» «Эң мыкты актриса» наамына көрсөтүлгөн. Ал эми «Падышанын сөзү» (2010) тасмасындеги ханыша Элизабеттин образын жаратканы үчүн «Оскардын» «Экинчи пландагы эң мыкты актриса» наамына көрсөтүлүп, «БАФТАнын» «Экинчи пландагы эң мыкты актриса» сыйлыгын жеңип алган. Андан тышкары ал «Энид» кинотасмасында британиялык автор Энид Блайтондун ролун аткарганы үчүн 2010-жылдагы «Эмми» эл аралык сыйлыгынын «Эң мыкты актриса» наамына татыган.

Бонэм Картер өзүнүн карьерасын «Көрүнүшкө ээ болгон бөлмө» жана «Жэйн айым» (1986) тасмасындагы кичинекей образы менен баштаган. Ал тартылган башка тасмаларга «Гамлет» (1990), «Периштелер басуудан корккон жер» (1991), «Говардс Энд» (1992), «Франкенштейн» (1994), «Кудуреттүү Афродита» (1995), «Мушташ клубу» (1999), «Гарри Поттер сериялары» (2007-2011), «Терминатор: Куткаруучу» (2009), «Улуу тилектер» (2012), «Бактысыздар» (2012) жана «Золушка» (2015) кирет. Ал режиссер Тим Бартон менен көп жолу кызматташкан. Алар: «Маймылдар планетасы» (2001), «Чоң балык» (2003), «Колуктунун сөөгү» (2005), «Чарли жана шоколад фабрикасы» (2005), «Суинни Тодд» (2007), «Караңгыдагы көлөкө» (2012), «Алиса керемет дүйнөдө» (2010) жана анын уландысы болгон «Алиса күзгүнүн ичи аркылуу» (2016) тасмалары болуп саналат. Ал «Розанын белгилери» (1983), «Кара жолтой калпычы» (1993), «Багдаттан түз эфир» (2002), «Тост» (2010) жана «Бартон менен Тэйлор» (2013) тасмаларында да ролдорду аткарган.

Ал драмага кызмат кылганы үчүн 2012-жылдагы жаңы жылдык сыйлык тапшыруу салтанатында британ империясынын орденине арзыган. Ал эми 2014-жылы британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Бонэм Картерди Британиянын жаңы улуттук Холокост комиссиясына бекитекен.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]