Химиотерапия

Википедия дан

Химиотерапия - оору козгоочу микробдор менен мителердин тиричилигин жана шишиктердин өсүүсүн басаңдатуучу дары-дармектер менен дарылоо.

Химиотерапия медицинанын өз алдынча багыты катары 20-кылымдын башында пайда болгон. Немец окумуштуусу П. Эрлик микробго каршы таасир этүүчү мышьяк бирикмелерин синтездеп, аны айрым жугуштуу жана мите ооруларын дарылоодо колдонгон. Химиотерапия микробго жана шишиктерге каршы касиети бар жаңы дарыларды табуу жана анын таасир этүү механизмин изилдейт. Дары заттар оору козгогучтарды белгилүү кондентр-да гана өлтүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4