Химиялык үбөлөнүү

Википедия дан

Химиялык үбөлөнүү, химиялык талкалануу - тоо тектердин химиялык курамы өзгөрүп, туруктуу жаңы минералдардын пайда болушу.

Ашыкча же орточо нымдуу келген жылуу аймактарга мүнөздүү. Мис., нымдуу тропикалык токой зоналарында бул процесс максималдык чекке жетет. Ал эми, жылдык орточо температурасы 0°Сдан төмөн келген уюлдук облустарда, ариддик аймактарда жана физикалык үбөлөнуу материалдары тез жылышып кеткен тик капталдарда Химиялык үбөлөнүү кескин төмөндөйт. Алгач, физикалык үбөлөнүү процессинде талкалангандыктан суу оңой сиңген жана дисперсиялуулугу жогopy (к. Дисперсиялык система) тоо тектер Химиялык үбөлөнүүгө көбүрөөк учурайт. Тереңдеген сайын, суунун курамындагы көмүр к-тасы, кычкылтек жана эриген заттар азаят. Ага байланыштуу, Химиялык үбөлөнүүнүн жүрүшү начарлай баштайт. Курамындагы кычкылтек түгөнгөн тереңдиктен баштап үбөлөнүү да токтойт. Ал тереңдик 20-30 -мге чейин жетет. Эгерде, тоо тектер жаракалуу келсе, суу химиялык активдүүлүгүн жоготпостон, бир топ тереңдикке чейин тез сиңип, бир нече жүздөгөн метр тереңдиктерде да Химиялык үбөлөнүү процесстери жүрөөрү байкалат. Химиялык үбөлөнүүнүн негизги факторлору - кычкылтек, көмүр кычкыл газы, суу (айрыкча туздуу, к-талуу жана жегичтүү суу), ошондой эле орган. к-талар. Алардын таасиринен кычкылдануу, гид раттануу, эрүү, гидролиз, карбонатташуу жана калыбына келүү реакцияларынын натыйжасында Химиялык үбөлөнүү процесси жүрөт. Кычкылдануу процесси курамында темирдин (III), маргенецтин бирикмелеринен турган минералдар бар тоо тектеринде күчтүү жүрөт.

Мис., магнетиттин кычкылдануусунан сырткы чөйрөгө туруктуу келген гематит жаралат (4Fe304 + 02 > >6Fe203). Сульфиддер кычкыл чөйрөдө туруксуз келип, акырындап сульфаттар, оксиддер жана гидроксиддер менен аралашат. Мис., пирит кычкылданып, темирдин сульфатына, андан кийин темирдин кычкылынын сульфатына өтсө, акырында лимонит пайда болот (FeS2 + m02 + nH20> > FeS04 > Fe2(S04)3 > Fe203-nH20). Эрүүкурамында көмүр к-тасы же орган. к-талар бар сууда тоо тектердин эриши. Хлориддер (натрий тузу (галит же ашкана тузу) жана калий тузу (сильвин) ж. б.), сульфаттар (ангидрит, гипс ж. б.) жана карбонаттардан (акиташ, доломит ж. б.) түзүлгөн чөкмө тоо тектери сууда интенсивдүү эрийт. Эрүү процессинен кийин бүтүн катмар ичинде ар кыл көндөйлөр пайда болот. Жер кыртышынын теңинен көбү алюмосиликаттар жана силикаттардан тургандыктан, Химиялык үбөлөнүүлөрдүн ичинен эң кеңири таралганы жана маанилүүсү болуп гидролиз эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4