Хлораргирит

Википедия дан

Хлораргирит (хлор жана гр. argyros - күмүш), кераргирит - галогениддер классынын минералы, AgCİ.

Кошундулары: J, Hg. Тутумдаш Maçça, кабык түрүндө. Жаңы сынган жери түссүз келип, алмаздай жаркыраса, күн нурунун таасиринен күрөң, андан кийин карайып кетет. Катуулугу 2,2; тыгыздыгы 5,6 г/см3, ийкемдүү, бычак менен оңой кесилет, аммиакта эрийт. Гипергенезден пайда болот. Күмүштүн кенташы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]