Хлыпенко Георгий Николаевич

Википедия дан

Сынчы, адабиятчы Георгий Хлыпенко Москва районунун Садовая айылында 1938-жылы 16-сентябрда туулган. 1955-жылы өз айылында орто мектепти, 1960-жылы КМУнун филологиялык факультетин, 1966-жылы КМУга караштуу аспирантураны аяктаган. Филология илимдеринин кандидаты (1969).

1960-1968-жж. ИИИни координациялоо боюнча мамкомитеттин ИТИИнин редакциялык-басма бөлүмүнүн улук редактору, начальниги, 1966-жылдан илимий-педагогикалык ишинде эмгектенип, 1966-жылы КМУнун орус адабиятынын теория жана тарых кафедрасынын окутуучусу, 1969-жылдан Пржевальск пединститутунун орус адабияты кафедрасынын улук окутуучусу, кафедра башчысы, 1971-жылдан В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институнун улук окутуучусу, доцент, орус жана чет өлкөлүк адабият кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу, 1979-жылдан Фрунзедеги Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунун кафедра башчысы болгон.

1974-жылы адабиятчынын «Адабият таануу терминдеринин минимум-сөздүгү» жарыкка чыккан. Жазуучу кыргыз адабиятын, кыргыз-украин адабий байланыштарын изилдеген.

1985-жылдан тартып СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн, СССРдин Эл агартуу отличниги.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде

  • Поиск – мастерство–поиск: Статьи.– Ф.: Кыргызстан, 1976. – 124 с.
  • Чувство семьи единой: Исследовательские статьи, обзоры по киргизско-украинским литературным связям. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 184 с.