Хоакин Феникс

Википедия дан

Хоакин Рафаэль Феникс (англ. Joaquín Rafael Phoenix, айтылышы: /ˌhwɑːˈkiːn/; туулган аты: Хоакин Рафаэль Боттом (англ. Joaquín Rafael Bottom); Лиф Феникс (англ. Leaf Phoenix) катары таанымал; 1974-жылы 28-октябрь) – америкалык актер, продюсер, музыкалык видеорежиссер, музыкант жана активист. Актердук чыгармачылыгына Феникс "Грэмми", "Алтын глобус " сыйлыктарга жана "Оскар" сыйлыгынын үч номинацияларына татыган.

Башында актер агасы Ривер Феникс, сиңдиси Саммер Феникс менен телевизиондук шоуларга чыккан. Актер "Ата-эне болуу" (англ. Parenthood, 1989) тасмада биринчи ири ролун аткарган. Актер бала кезинде өзүнө Лиф Феникс деген сахналык ысымды алган. Кийинчирээк өзүнүн чын аты менен тасмаларда тартылып, экинчи пландагы аткарган ролдору үчүн киносынчылар тарабынан жогору бааланган, өзгөчө "Өлүмгө татыктуу" (англ. To Die For, 1995) романдын адаптациясында жана "Канат талдары" (англ. Quills, 2000) тасмада аткарган ролдору үчүн. Феникс "Гладиатор" (англ. Gladiator) тасмада Коммодтун ролун аткарып эл аралык атактуулукка жеткен, ошону менен актер "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына татыган. Кийин актер "Чектен ашуу" (англ. Walk the Line, 2005) тасмада музыкант Жонни Кэштин ролун аткарып "Эң мыкты актер" номинациясына татыган жана "Устат" (англ. The Master, 2012) тасмада Экинчи дүйнөлүк согушунун ардагери, аракеч тентиреген кишинин ролун аткарып "Вольпи" сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Ушуга чейин, актер жана анын агасы Ривер Феникс "Оскар" сыйлыгына көптөгөн жылдардан кийин татыган жалгыз бир туугандар болгон.

Актер тартылган башка тасмалар: "Буффало аскерлери" (англ. Buffalo Soldiers, 2001), "Белгилер" (англ. the Signs, 2002), "Аюу агатайы" (англ. Brother Bear, 2003), ""Руанда" мейманканасы" (англ. Hotel Rwanda, 2004), "Кыштак" (англ. The Village, 2004), "Жер тургундары" (англ. Earthlings, 2005), "Эки адамдын сүйүүсү" (англ. Two Lovers, 2008), "Келгин" (англ. The Immigrant, 2013), "Сүйүү" (англ. Her, 2013), "Тубаса кемчилиик" (англ. Inherent Vice, 2014) жана Канн кинофестивалынын "Эң мыкты актер" номинациясын алып келген "Табылбас болгон сен" (англ. You Were Never Really Here, 2017) триллери.

Тасмаларда тартылуудан тышкары актер музыкалык видеолорду тартып, тасма жана телевизиондук шоулардын жетекчиси болгон. Феникс "Четтен ашуу" тасмага саундтректердин альбомун жаздырган, ага актер "Гремми" сыйлыгынын "Эң мыкты саундтрек жыйнагы" номинациясына татыган. Феникс коомдук ишмер катары бир канча соопчулук жана гуманитардык уюмдарга жардам берет. Ошондой эле ал Түштүк Африканын Соуэтодогу кыштактык мектептердин окуучуларына күнүмдүк тамак ашты камсыздаган The Lunchbox Fund коммерциялык эмес уюмдун байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө кирет. Буга кошумчалуу Феникс жаныбарлардын укуктарын коргоосу менен таанымал. Актер үч жашынан бери веган болуп саналат жана PETA менен In Defense of Animals (кырг. Жаныбарларды коргоо) уюмдардын мүчөлүгүнө кирет.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]