Хоббит

Википедия дан
Хоббит
Жазуучу Жон Роналд Руэл Толкин
Нукура аталышы Hobbit
Өлкөсү  Улуу Британия
Тили англис
Басмакана George Allen & Unwin
Чыккан жылы 1937
Беттери 310
OCLC Number 1827184

"Хоббит" (англ. The Hobbit) же болбосо "Ал жакка анан кайра артка"— англиялык жазуучу Жон Роналд Руэл Толкиндин калемине таандык балдарга арналган фэнтези жанрындагы роман. Ал 1937-жылдын 21-сентябрында басылып, оң маанидеги сын-пикирлер менен коштолгон. Карнеги медалына көрсөтүлүп[1], New York Herald Tribune гезитинин "Эң мыкты балдарга арналган фантастикалык чыгарма" сыйлыгына татыктуу болгон. Китеп популярдуулугун жоготпой келүүдө жана балдар адабиятындагы классикалык чыгарма катары таанылган.

"Хоббит" "Фэринин чыгышынан" "Эркек кишилердин үстөмдүгүнө" чейинки окуяларды камтып, үйүн сүйгөн хоббит Билбо Бэггинстин Смауг ажыдаар коруп жаткан казынадан өз үлүшүн алыш үчүн чыккан саякатына жетелейт. Билбонун сапары жөнөкөй болгон элет турмушунан башталып, барган сайын коркунучтуу аймактарга чейин уланат.

Окуя эпизоддук формада баяндалып, көпчүлүк бөлүмдөр белгилүү бир макулукту же Толкиндин географиясындагы макулуктун бир түрүн тааныштырат. Билбо өз табиятынын күмөндүү, романтикалык, сыйкырдуу жана тайманбас жактарын кабыл алып, акыл-эсин жана жалпы туюмду колдонуу менен өз жөндөмдөрүнүн, даанышмандыгынын жаңы баскычына чыгат. "Беш аскер күчүнүн кармашында" окуя туу чокусуна жетип, мурдагы бөлүмдөрдөгү каармандар менен макулуктар жаңжалга катышыш үчүн кайра пайда болушат.

Согуш мотивдеринен тышкары чыгарманын башкы темасына жеке өсүп жетилүү жана баатырдыктын формалары кирет. Сынчылардын оюнча, бул темалар Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Толкиндин өз башынан өткөргөн тажрыйбаларынан келип чыгып, китептин мазмунуна таасир эткен. Автордун герман филологиясын илимий деңгээлде билиши жана жомокторго болгон кызыгуусу да китептердин мазмунуна таасир эткен деп айтылат.

Басмаканачы китепке карата айтылган сынчылардын ой-пикирлеринен жана каржылык жактан жараткан ийгиликтеринен шыктанып, чыгарманын уландысын жазууну өтүнгөн. Толкин "Хоббитте" ретроспективалык ылайыкташтырууларды киргизип, китептин уландысы болгон "Шакектер ээси" китебин жазган. Ошол бир нече, бирок маанилүү өзгөртүүлөр китептин экинчи басылышына кошулган. Андан кийинки басылыштарында бир аз гана толуктоолор киргизилип, Билбо тайып кеткен дүйнөнүн концепциясын Толкин кичине өзгөртүп койгон.

Бул иш басмаканалардан чыгарылбай калган. Чыгарма сахнага, экранга, радиого, стол жана видео оюндарына ылайыкташтырылып, анын таасири ушул күнгө чейин уланып келет. Бул ылайыкташтыруулардын айрымдары өз деңгээлинде сынчылардын баасына ээ болгон.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://journalpublishingculture.weebly.com/uploads/1/6/8/4/16842954/carnegie_fiona_bradbury.pdf