Холокост
| Холокост | |
| Айнзацгруппанын мүчөсү Ивангороддун жанындагы кичинекей баласын колуна кармаган еврей аялды атууда | |
| Мезгили | |
|---|---|
| Башталыш датасы | |
Холокост (англ. holocaust, грек тилинен - «жалпы өрттөө») - тар мааниде - экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германияда, алардын союздаштарынын жана алар тарабынан оккупацияланган территорияларда жашаган жөөттөрдү куугунтуктоо жана массалык түрдө жок кылуу[1].
6 миллиондон ашык жөөт улутундагы адамдардыр Холокостун курмандыгы болушкан[2].
1933-1945-жылдар аралыгында Нацисттик Германия жана коллаборационисттер тарабынан европалык жөөттөрдү системалуу куугунтуктоо жана жок кылуу. Кең мааниде фашисттик Германиянын мезгилинде улутчулдар тарабынан ар кандай этностук жана социалдык топтордун (советтик согуш туткундары, поляктар, жөөттөр, цыгандар[3], гомосексуал эркектер[4][5], масондор, катуу оорулуулар жана майыптар) өкүлдөрүн куугунтуктоо жана массалык жок кылуу[6].
Этимологиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Холокост — бул сөз грек тилинен алынган. ὅλος (holos) — «бүтүн», «толук» жана καυστός (kaustos) — «күйгөн», «отко өрттөлгөн». Баштапкы мааниси — «толук өрттөлүүчү курмандык», башкача айтканда, пирлерге арналып толугу менен өрттөлгөн курмандык чалуу (жаныбарларды же адамдарды).
Европа тилдеринде бул сөз орто кылымдан тартып диний мааниде колдонулса, XX кылымда ал башка мааниге өтүп, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттик Германия тарабынан жөөттөрдү жана башка элдерди массалык кыргынга учуратууну белгилөөчү термин болуп калган.
Кыргызча тексттерде «Холокост» термини, адатта, Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы нацисттик Германия жүргүзгөн геноцидди түшүндүрүү үчүн колдонулат. Бул түшүнүккө негизинен жөөттөрдүн массалык түрдө жок кылынышы (6 миллионго жакын адам) кирет. Ошондой эле Ром (цыган), славян калктарынын бир бөлүгү, саясий туткундар, майыптар, гомосексуалдар жана башка «талапка жооп бербеген» топтор да холокостун курмандыгы болушкан.
Кыргыз тилинде «Холокост» сөзү адатта өзгөрүүсүз жазылат. Кээ бир илимий же диний адабияттарда ивритче «Шоа» («балээ, кырсык, алаамат») аталышы да сейрек колдонулат.
Себептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]XIX кылымдын аягынан тартып немис жана австриялык пангерманисттердин арасында расалык антисемитизм идеялары өнүгө баштаган. Анын алкагында жөөттөр айрым биологиялык жактан «кемчиликтүү» белгилердин туруктуу алып жүрүүчүлөрү катары көрсөтүлүп, ошондуктан ар бир жөөт улуттундагы адам, немис мамлекети үчүн коркунуч катары кабыл алынган[7]. Немис улутчул-социалисттери Адольф Гитлердин жетекчилиги алдында расалык антисемитизмди өз идеологиясынын негизинин бири кылышкан. Жөөттөрдөн «кантип кутулуу керек» деген суроо Гитлерди жаш кезинен бери коштоп келген. Гитлердин ачык жарыяланган максаттарынын бири — «бардык жөөттөрдү толу менен жок кылуу» болгон[8][9]. Бийликке келген соң, ал бул ойлорун ишке ашыра баштаган.
1939-жылдын 30-январында Гитлер рейхстагдагы сөзүндө, эгер жөөттөрдүн айынан согуш башталса, анда ал «Европадагы жөөт улутунун жок болушуна» алып келет деп айткан[10].
Холокосттогу антисемитизмдин ролу бүгүнкү күндө да илимпоздор арасында талаштуу маселе бойдон калууда[11].


Германиядагы еврейлердин 1933-1939-жылдардагы абалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Еврейлерге каршы куугунтуктоонун башталышына Германия боюнча жөөттөрдүн ишканаларына бойкот жарыялоо жана мамлекеттик мекемелерде же айрым кесиптерде иштеген жөөттөргө каршы расалык мыйзамдардын кабыл алынышы себеп болгон. 1935-жылы 15-сентябрда Германиядагы жөөттөрдүн тең укуктуулугуна чекит коюп, жөөттөрдү улут катары эмес, расалык түшүнүк катары аныктаган «Нюрнберг мыйзамдары» кабыл алынган[12].
1938-жылы 9-ноябрдан 10-ноябрга караган түнү Германияда жөөттөргө каршы массалык талап-тоноолор болуп, көчөлөрдү талкаланган айнек сыныктарынан улам бул окуя тарыхта «Хрусталь түнү» деген ат менен белгилүү. Бул талап-тоноолорду баштоого шылтоо катары Парижде 1938-жылдын 7-ноябрында 17 жаштагы польшалык еврей Гершель Гриншпан тарабынан герман элчилигинин кеңешчиси Эрнст фом Раттын атылышы аталган[13].
Жөөттөргө карата ачык дискриминациялык саясат жүргүзүлгөнүнө карабастан, Германиянын нацисттик багыттагы партиясы бийликке келгенден кийин, геноцид дароо эле башталган эмес. Алгач нацисттердин негизги максаты жөөттөрдү өлкөдөн чыгарып жиберүү болгон, бирок көпчүлүк учурларда алардын башка жакка көчүп кетиши мүмкүн болгон эмес. Кийин Израилдин биринчи президенти болгон Хаим Вейцмандын белгилүү сөзү боюнча, ошол мезгилде дүйнө жөөттөр үчүн экиге бөлүнгөн: «жашоого мүмкүн болбогон жерлер» жана «кирүүгө мүмкүн болбогон жерлер». Батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнүн жөөт качкындарын кабыл алуудан баш тартуусу ошол мезгилдеги протекционизмди, ксенофобияны жана ачык антисемитизмди чагылдырган. АКШ президенти Франклин Рузвельттун демилгеси менен 1938-жылы июлда Франциянын Эвиан шаарында уюштурулган эл аралык качкындар боюнча конференция күтүлгөндөй натыйжа берген эмес. Конференцияга катышкан 32 өлкөнүн ичинен бир гана Доминикана Республикасы Германия менен Австриядан чыккан жөөт качкындарын кабыл алууга даяр экендигин билдирген. Ошондой эле Улуу Британия өз көзөмөлүндөгү Палестина аймагына жөөттөрдүн көчүп келишин катуу чектеген.
1933-1939-жылдары Германия менен Австриядан 330 миң жөөт качып чыгууга аргасыз болушкан. Алардын ичинен болжол менен 110 миң жөөт качкындары коңшу өлкөлөргө көчүп барышкан, бирок согуш учурунда ал жактан да куугунтукка кабылышкан.
1939-жылдын башында Гитлер төрт жылдык планды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер болгон Герман Герингге Германиядагы жөөттөрдү көчүрүп чыгаруу боюнча чараларды даярдоону тапшырган. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен Польшанын батышы Германияга кошулгандан кийин, Германиядагы жөөттөрдүн расмий санын көбөйгөн жана алар үчүн мыйзамдуу түрдө башка өлкөлөргө көчүп кетүү мүмкүнчүлүгү да татаалдаштырылган.
1940-1941-жылдардын башында нацисттер жөөт маселесин чечүүнүн бир нече вариантын карашкан: Рейхтеги жөөттөрдү СССРге кабыл алууну Кремлге сунуш кылышкан, бардык жөөттөрдү Мадагаскар аралына көчүрүү планын түзүшкөн, ошондой эле «Ниско-Люблин планы» деп аталган долбоорду иштеп чыгышкан. Бул план боюнча жөөт резервациясы түзүлүп, ал Германия курамына кирбеген, бирок оккупацияланган Польшанын бөлүгүндө (генерал-губернаторлук) жайгашмак[14].
- 1942
- 1945
Курмандыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Яд ва-Шем мемориалдык комплексинин алдындагы Холокост тарыхын изилдөө боюнча эл аралык институттун критерийлерине ылайык, Холокосттун курмандыктары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы нацисттердин жана алардын тарапташтарынын колунан оккупацияланган аймактарда курман болгон жөөттөр (депортация учурундагы жок кылуу акцияларында, геттолорго жана лагерлерге айдалганда, геттодо же лагерлерде жашырынып жүргөндө, ошондой эле геттодо, лагерлерде жана партизандык кыймылда куралдуу каршылык көрсөтүү маалында курман болгондор), мындан тышкары эвакуация учурунда (аткылоолордо, бомбалоолордо ж.б.) каза болгондор.
- Жөөт эмес адамдар, өз ыктыяры менен жөөт улутундагы күйөөлөрү же аялдарынын менен бирге жогорудагы жагдайларда алар менен кошо курман болгондор[15].
- Фронтто кызмат кылып курман болгон жөөт жоокерлери, негизинен, кадимки жоокердик жоготуулар категориясына кирет. Бирок алардын ичинен туткунга түшүп, нацисттик лагерлерде дал жөөт болгону үчүн өлтүрүлгөн он миңдеген адамдар Холокосттун курмандыктарына кирет.
- Мындан тышкары, Венгриядан, Словакиядан, Румыниядан жана Болгариядан күч менен чакырылып, «эмгек батальондоруна» айдалган жөөттөр, ошондой эле 1945-жылдын октябрынын аягына чейин жапа чегип каза болгон жөөттөр да Холокосттун курмандыктарына кирет[16].
Статистика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Европа өлкөлөрүндөгү жөөттөрдү жок кылынышы. «СС аракетте» маалымдамасынын маалыматы боюнча[17]. | |||
|---|---|---|---|
| Өлкө | 1939-жылдын сентябрындагы жөөт улутунудагы калктын саны | Нацистер колунан курман болгондордун саны | Нацистер колунан курман болгондордун пайызы |
| Польша | 3 300 000 | 2 800 000 | 85,00 |
| СССР (оккупацияланган аймактар) | 2 100 000 | 1 500 000 | 71,40 |
| Румыния | 850 000 | 425 000 | 50,00 |
| Венгрия | 404 000 | 200 000 | 49,50 |
| Чехословакия | 315 000 | 260 000 | 82,54 |
| Франция | 300 000 | 90 000 | 30,00 |
| Германия | 210 000 | 170 000 | 80,95 |
| Литва | 150 000 | 135 000 | 90,00 |
| Нидерланды | 150 000 | 90 000 | 60,00 |
| Латвия | 95 000 | 85 000 | 89,47 |
| Бельгия | 90 000 | 40 000 | 44,44 |
| Греция | 75 000 | 60 000 | 80,00 |
| Югославия | 75 000 | 55 000 | 73,33 |
| Австрия | 60 000 | 40 000 | 66,67 |
| Италия | 57 000 | 15 000 | 26,32 |
| Болгария | 50 000 | 7000 | 14,00 |
| Башка өлкөлөр (Дания, Люксембург, Норвегия…) | 20 000 | 6000 | 30,00 |
| Жалпы саны жана пайызы | 8 301 000 | 5 978 000 | 72,00 |
| Тарыхчылардын баалоосундагы өлкөлөр боюнча курмандыктардын саны[18] | ||||
|---|---|---|---|---|
| Өлкө | Райтлингер | Хильберг | Гутман жана Розетт | Бенц |
| Польша | 2 350 000 — 2 600 000 | 3 000 000 | 2 900 000 — 3 000 000 | 2 700 000 |
| СССР | 700 000—750 000 | 900 000 | 1 211 000 — 1 316 500 | 2 100 000 |
| Венгрия | 180 000—200 000 | ~ 180 000 | 550 000—569 000 | 550 000 |
| Румыния | 200 000—220 000 | 270 000 | 271 000—287 000 | 211 214 |
| Германия | 160 000—180 000 | ~ 120 000 | 134 500—141 000 | 160 000 |
| Чехословакия | 233 000—243 000 | 260 000 | 146 150—149 150 | 143 000 |
| Нидерланды | 104 000 | ~ 100 000 | 100 000 | 102 000 |
| Франция | 60 000 — 65 000 | 75 000 | 77 320 | 76 134 |
| Австрия | 60 000 | ~ 50 000 | 50 000 | 65 459 |
| Югославия | 58 000 | 60 000 | 56 200 — 63 300 | 60 000 — 65 000 |
| Греция | 57 200 | 60 000 | 60 000 — 67 000 | 59 185 |
| Бельгия | 25 000 — 28 000 | 24 000 | 28 900 | 28 518 |
| Италия | 8500 — 9500 | 10 000 | 7680 | 6513 |
| Люксембург | 3000 | ~ 1000 | 1950 | 1200 |
| Норвегия | ~ 1000 | 762 | 762 | 758 |
| Дания | ~ 100 | 60 | 60 | 116 |
| Жалпы: | 4 578 800 | 5 109 822 | 5 859 622 | 6 269 097 |
Азыркы учурдагы Германиянын Холокост окуяларын кабыл алуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Немистер арасында Холокостту кабылдоодо ар кайсы жаш курак топторунун баалоолорунда айырмачылыктар бар. Эң улуу муун же «тарыхтын тирүү күбөлөрү» болуп эсептелгендер — өздөрүн немис деп тааныганы менен, нацисттерден «обочолонушат» жана аларды саясий каракчылар тобу катары кабылдашат. Экинчи муун болсо ата-энелеринин көз карашына сынчыл мамиле кылып, Холокостту тарыхый контекстке жайгаштырууга, нацизмди немистерде терс сезимдерди жараткан кубулуш катары талдоого аракет кылат.
«Алар — кылмышкерлер, биз — башкачабыз» деген моралдык баалуулуктардан улам кээ бир немистердин арасында өзүн нацизмден жабыркагандар менен теңештирүү жаралат. Ошол эле учурда «улуттук тарыхый салт жалпы (адамзаттык) нормалар менен алмаштырылат». Үчүнчү муунда кылмышкерлерге карата жаңы «генеалогиялык» кабылдоо калыптанат: «булар биздин аталар, ооба, алар бизден башкача болушкан, бирок ошол эле учурда алар — немистер, демек — «биз»»[19].
Дагы окуңуз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Niewyk, Donald L.; Nicosia, Francis. The Columbia Guide to the Holocaust — Columbia University Press, 2000.
- ↑ Gigliotti, Simone. Holocaust // Antisemitism: a historical encyclopedia of prejudice and persecution/ Richard S. Levy, editor. — Santa Barbara: ABC-CLIO, 2005. — Vol. 1 (A–K). — P. 316—319. — 828 p. — (Contemporary world issues). — ISBN 978-1-85109-439-4.
- ↑ The New Times. «Цыганский вопрос можно считать решенным»
- ↑ Энциклопедия Холокоста. Гомосексуальные мужчины при нацистском режиме
- ↑ Вести. Израиль по-русски. Розовая метка: трагедия евреев-геев в нацистской Германии
- ↑ Antisemitism. A Historical Encyclopedia of Prejudice and Persecution
- ↑ World ORT. Катастрофа европейского еврейства
- ↑ Jewish. Молодой Гитлер решил «еврейский вопрос»
- ↑ World ORT. Национал-социализм
- ↑ Herausgegeben von Wolfgang Benz. Handbuch des Antisemitismus. Judenfeindschaft in Geschichte und Gegenwart
- ↑ Preconditions: Nazism and the Turn from Anti-Judaism to Antisemitism
- ↑ 100(0) Schlüsseldokumente. Die Nürnberger Gesetze
- ↑ Новое время. Генеральная репетиция Катастрофы
- ↑ Jewish Gen. Nisko Plan
- ↑ Яд Вашем. О проекте поиска имен
- ↑ Яд Вашем. Распространенные вопросы - Центральная База данных имен жертв Холокоста
- ↑ СС В ДЕЙСТВИИ. Документы о преступлениях СС
- ↑ М. М. Альтман. Отрицание Холокоста: История и современные тенденции. Текшерилген күнү 16 -сентябрь (аяк оона) 2025. Түп булактан архивделген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
- ↑ Репина Л.П. Культурная память и проблемы историописания