Хромант (телесериал)

Википедия дан
Хиромант
Хиромант
Жанр

Драма

Жараткан

Антон Борматов

Ролдордо

Юрий Чурсин
Ксения Буравская
Сергей Астахов
Сергей Угрюмов
Екатерина Стулова

Мамлекет

 Орусия

Түпнуска тили

Орусча

Сериялардын саны

10 бөлүм

Өндүрүш
Режиссёр

Антон Борматов

Сценарий

Сергей Киреенко

Тартылган жерлер

Москва

Хронометраж

45 мүнөт

Трансляция
Телеканал

Биринчи канал

Экрандарда

9-март (2005 )

Шилтемелер
IMDb

ID 4353394

«Хиромант» (орус. Хиромант) — Орусиянын он бөлүктөн турган телесериалы. Режиссёру Антон Борматов, тасма Сергей Киреенконун раманынын негизинде 2005 жылы тартылган.

Бет ачаары 2005-жылы 9-марта, Орусиянын «Биринчи каналында» болгон[1].


Режиссёру – Антон Борматов Сценарийин жазган – Сергей Киреенко Башкы ролдордо: Сергей – Юрий Чурсин Катя – Ксения Буравская Лена – Екатерина Стулова

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сергей аттуу жаш жигит өмүр­үн­дө бир да жолу көрбөгөн атасынын азасына келип, ал жерден ата­сынын досун жолуктурат. Ал маркум досунун керээзин аткарып, Сергейге атасынын күндөлүгүн жана хиромантия боюнча байыркы китепти тапшырат. Атасынын калтырган мурасы жигиттин жашоосун түп тамырынан бери өзгөр­төт. Анткени, колуна тийген күндө­лүк менен китептен улам Сергей өз атасы белгилүү хиромант (алакан аркылуу адам тагдырын окуган адам) болгонун билет. Өз жакындарынын тагдырын алакандарынан окуп-билип койгондон качкан атасы убагында үйбүлөсүн таштап кеткени да белгилүү болот. Хиромантия илимине берилип кеткен Сергей окуусун да таштап, атасынын жолу менен кетет. Ушун­дан соң ар кандай адамдардын алакандарын окуп, алардын келечегин, тагдырын билүү Сергейдин жашоосунун өзөгүн түзүп калат. Өлүкканага барып, өлгөн адамдардын алаканынан тагдырын окуп көрүп, алардын тагдырын изилдеп отуруп, дасыккан хиромантка айланат. Чечен согушуна барып досторуна жакындаган ажалды көрүп сезгени менен жардам бере албай кыйналат. Согуштан келген соң, Сергей алакан ачуу менен атакка да, байлыкка да жетишет. Хиромант Сергейдин принциби – өзүнүн жакындарынын алаканын карабоо эле. Бир жолу аргасыз аялы Ленанын алаканын карап, ага жакындап келе жаткан ажалды сезет. Бирок, анын алаканындагы айрылыш сызыктын сырын чечүү үчүн өз илими жетишпесин сезип, Индияга жол тартат. Ал жактагы белгилүү хиромант-брахмандан сүйүктүү аялын жана анын боюндагы баланы сактап калыш үчүн өз өмүрүнөн кечиши керек экенин угат. Акыры үйбүлөсү үчүн өзүнүн өмү­рүн кыят.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкы каармандын ролун аткарган Юранын бул биринчи жолку чоң ролу. Буга чейин актёр катары тааныла албай жүргөн Юрий Чурсин «Хиромант» фильминен кийин популярдуулукка жетишкен. Кастингден өткөн соң, Юра хиромантия или­мин өздөштүрүү үчүн ар кандай китептерди окуп, курстарга жазылган. 2005-жылы аталган роль үчүн Юрий Чурсин «эң мыкты роль» сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми Сергейдин сүйгөн кызы Катяны аткарган Ксения Буравскаяга дагы ролу чоң ийгиликти алып келген.

Тасманын тартылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасма 1990-жылдардагы окуяны камтыйт. Тасма окуянын өнүгүшүнө жараша Ярославль, Москва шаарында, Чеченстанда жана Индияда тартылган. Фильмдеги согуш кырдаалын чагылдырып берүү оңойго турган эмес. Мындай эпизоддор Ярославль шаарындагы зениттүү-ракеталык институтта жана Костроманын алдындагы кумдуу полигондо тартылган. Ал эми аскерлердин массовкага аскерде окуучу курсанттар, жоокерлер тартылган. Ал эми башкы каарман Сергей индиялык брахманга кайрылып жаткан эпизодго реалдуу брахманды тартып алышкан. Режиссёр Антон Борматов минтип эскерет: «Биз съёмка тарткан топ менен алакан ачып отурган брахманга жакындадык. Ал биздин кино тартып жатканыбызды деле сезген жок. Күндө жасап жаткан иши катары эле адамдардын жүзүн карап да койбой, алакан ачып сүйлөй берди. Биз ошол жерден тарткан сюжетибиз өтө кызыктуу чыкты.» Ошондой эле тасманын көпчүлүк бөлүмү Москадагы өлүкканада, мүрзөдө, ооруканада тартылган.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тасманын экинчи бөлүгүндө актёрлордун ооздору көгөрүп кеткени байкалат. Буга жайкы эпизодду жайында эмес, күн сууктап калган маалда, октябрь айында тартышканы себеп болгон.
  • Сергейдин атасынын досун ат­карган белгилүү актёр Виктор Авилов үчүн бул роль акыркысы болгон. Анткени, тасма тартылып баштагандан кийин көп өтпөй актёр кайтыш болуп кеткен. Ошол себептен тасманын сценарийин өзгөртүүгө туура келген.
  • Сценарийде Сергей түрмө­дөгү кылмышкерге сазга чөгүп өлөөрүн айтат. Анын айтканы келип, кылмышкер сазга чөгүп өлөт. Өлүгүн бирөө саздан сууруп чыгарат. Ушул эпизодду, башкача айтканда, өлүктү сууруп чыгып жатканда кимдир бирөө актёрду башына катуу уруп жиберет. Катуу сокку алган актёр бир канча убакытка чейин эсин жоготуп кой­гон.

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. «Биринчи канал». «Хиромант». Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 28 -январь (үчтүн айы) 2015.
  2. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named ЗК