Хромомерлер

Википедия дан
Хромосомалар жана Хромомерлер.

Хромомерлер (гр. chroma – өң, түс жана meros - бөлүк) - жергиликтүү оролуунун натыйжасында пайда болуучу, хромосоманын дезоксирибонуклеопротеиддик жипчелеринин тыгыз спиралданган, жоонойгон бөлүктөрү, ядролук боёгучтар менен тез боёлушат. Микроскоптон мейоздун профазасында, өзгөчө пахитенада жакшы көрүнөт, шуруларга окшоп хромосоманы узатасынан бойлой жайгашкан каралжын данчалар. Хромомердик сүрөт (Х-дин ортосундагы аралык жана алардын өлчөмү) хромосомаларды идентификациялоо үчүн колдонулат. Өсүмдүктүн кээ бир түрлөрүндө абдан чоң өлчөмдөгү Х. байкалган (гетерохроматиндерден турган түйүнчөк же "шишик"), алар цитогенетикалык изилдөөлөрдө так хромосомалык маркер (белги) катары колдонулат. Х. жана хромомер аралык райондордун генетикалык мааниси азыркыга чейин түшүнүксүз бойдон калууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]