Худжум («Чабуул»)

Википедия дан

Худжум («Чабуул») – совет бийлигинин алгачкы жылдарында Борбордук Азия республикаларындагы аялдардын боштондугу үчүн кыймыл. СССРдин мезгилиндеги аялдардын тең укуктуулугу саясаты бүгүнкү күнү ар кандай ык-амалдар менен талданып, ар башкача бааланып келүүдө. Айрыкча, Октябрь төңкөрүшүнөн кийин мурунку Россия империясынын түштүк-чыгыш чөлкөмдөрүндө, өзгөчө Орто Азия республикаларында болуп өткөн процесстерди талдоо оңой болгон жок. Бул чөлкөмдөгү аялдарды эмансипациялоо саясаты "чыгыш аялдарын боштондукка чыгаруу" деген ураан менен жүрүп жатты.

Бир чети, бул аймактардагы гендердик теңсиздик чындыгында эле аябай жогору болчу. Экинчи чети, «чыгыш аялдары» деген түшүнүктүн өзү эле ориенталдык жана кандайдыр бир деңгээлде колониалдык мүнөзгө ээ болгондуктан, теңукуктуулук риторикасына карабастан, "азиат" жана "европалык" (орус) аялдардын ортосунда таасын иерархияны жараткан[1] . "Караңгы" жана "сабатсыз" деген дискурс аялдарга гана эмес, бүтүндөй чөлкөмгө карата айтылган, бирок аялдар анда өзгөчө орунду ээлеген.

Совет бийлигинин алгачкы жылдары "Чыгыш аялдары" калктын эң эзилген категориясы болгон. Ушундай эзүүнүн негизи жергиликтүү контексттин өзгөчөлүгү менен аныкталган. Совет бийлиги өкүм сүрүп турган кезде, "Орто Азиянын жана Казакстандын аялдары борбордук Россиянын аялдарына караганда көбүрөөк эзилген, себеби класстык жана үй-бүлөлүк эзүүгө улуттук эзүү да кошулган <…> Аялга үйдөгү буюмдай, эркектин жеке менчигиндей мамиле жасалган. Аял калыңга сатылуучу жана сатылып алынуучу буюм болгон»[2] .

Өткөн кылымдын 20-жылдардын орто чениндеги партиянын документтеринде "чыгыш аялдарын боштондукка чыгаруу" деген маанидеги "Худжум" кампаниясы өзгөчө белгилене баштаган (араб тилинен которгондо "чабуул" же "күрөш" дегенди билдирет). Аталган кампаниянын алкагында, аялдар үй оокатын жасоо, бала багуу сыяктуу милдеттеринен бошотулуп, коомдук-саясий ишке жана өндүрүш ишине жигердүү тартыла баштаган. Худжумдун негизги символу - паранжага каршы күрөшүү, ошондой эле жашы жетелек кыздарды калыңга сатышып мажбурлап жана/же эрте күйөөгө берүү сыяктуу көрүнүштөргө тыюу салуу деп эсептесек болот. «Худжум» иш-чарасын көбүнчө "эзүүнүн жана күңчүлүктүн символу" болгон паранжаны элдин көзүнчө чечүү/өрттөө радикалдык акциялар менен байланыштырышат[3] .

Ушул мезгилде Кыргызстандын тарыхында[4] мыйзам чыгаруу деңгээлинде калыңга жана эрте күйөөгө чыгуу сыяктуу көрүнүштөргө тыюу салган документтер биринчи жолу кабыл алынган. 1925-жылдын февраль айында КАОнын ревкому аялды никеге турууга мажбурлоо, кызга калың берүү жана көп аял алуу үчүн жазык жоопкерчилиги каралган токтом кабыл алып, никеге турууга жол берилген куракты белгилеген. Кыздар үчүн 16 жаш, ал эми жигиттер үчүн 18 жаш деп белгиленген.

Аялдар менен атайын кыз-келиндер клубдары жана кыз-келиндердин кызыл бурчтары, ошондой эле көчмөн шарттарда "кызыл боз үйлөр" иш алып барышып, алар партиялык уюм менен аялдардын кеңири топторун байланыштырып турган көпүрөнүн милдетин аткарышкан. Адатта, "кызыл боз үйлөр" сабатсыздыкты жоюу борборлору, коомдук китепканалар, ошондой эле аялдарга ар кандай маселелер боюнча кеңеш берүүчү жайлар катары каралган. Көпчүлүк учурларда мындай уюмдарды СССРдин европалык бөлүгүнөн келген ыктыярчы активист аялдар түзүшкөн. Кыргызстандын түштүгүндө паранжаны чечип, аялдарды боштондукка чыгарган көптөгөн окуялар болуп өткөн[5] .

Жаңы шарттар салттуу турмуштун негиздерин бузуп жаткандыктан, жергиликтүү калктын арасынан чыккан активист аялдар зыянга учурап калган учурлар көп болгон. Алсак, Ош шаарынан алыс эмес Кара-Суу айылында басмачылар съездге бара турган делегат аялдарды шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүп жаткан эки активист аялды кармап алышып, мыкаачылык менен өлтүрүп, денелерин эт сатылган базарга асып салышкан. 22 жаштагы делегат келин Алымкан Мамыткулова күйөөсү менен ажырашып, иши сотто каралып жатканда күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн. Ал күйөөсүнүн ур-токмокко алып, сабаганына карабастан, кыз-келиндердин чогулуштарына барып, сабатсыздыкты жоюу мектебинде окуп билим алууга аракет кылган. Мындай кордукка чыдабаган Алымкан күйөөсү менен ажырашмак болуп, сотко кайрылган, так ошол жерден күйөөсү ага бычак менен атырылып, сайып салган[6] . Алымкандыкындай окуялар көп эле болгон. Кыргызстанда аялдардын боштондугу үчүн күрөштүн символу өз айылындагы айылдык кеңешти жетектеп, биринчи колхозду уюштурган жаш активист келин Уркуя Салиева болгон. 1934-жылы басмачылар аны күйөөсү менен кошо мууздап, өлтүрүп кетишкен.

"Худжум" иш-чарасына аялдардын сабатсыздыгын жоюу жана кесиптик билим берүүнү илгерилетүү аракеттери зор салым кошушкан. 1925-жылдан баштап Кыргызстанда кесиптик-техникалык билим берүү тармагы уюштурулуп, анда кыз-келиндер айыл-чарба, медицина, билим берүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле завод-фабрикаларда иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ боло алышкан. Окууну ийгиликтүү аякташкан бүтүрүүчү кыздар рабфактарга жана университеттерге жолдомо алышчу. Бир кесиптин ээси болгондон кийин, жумушка гана орношпостон, өзүнүн жеке өндүрүшүн да уюштура алышкан, себеби аялдардын артели жана кооперативдери мамлекеттин колдоосуна ээ болушкан.

Жаңы саясат бир нече жылдан кийин өзүнүн түшүмүн берген. Эгер 1925-1926-жж. кеңештердин мүчөлөрүндө 521 аял болсо, 1926-1927-жж. – 933 аял болгон, алардын ичинен 6 аял айылдык кеңештердин төрагалыгына дайындалып, ал эми 1930-жылы Кыргыз АССРдеги айылдык жана шаардык кеңештеринин курамында жалпы-жонунан 1756 аял болуп, кеңештерге шайланган адамдардын жалпы санынын 23% түзүшкөн[7] . 30-жылдардын соңунда кампания аяктаган. Совет бийлигинин саясатында аялдарды эмансипациялоо процесстери терең орноп калган патриархаттык салт-санаалар менен айкалышкандыктан, XX кылымдын экинчи жарымында аялдар коомдук-саясий жана эмгек чөйрөлөрүнө дээрлик толугу менен тартылышкан.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Report: The Fourth World Conference on Women, Beijing Declaration and Platform for Action, 1995.
  2. Татыбекова Ж. Великий Октябрь и женщины Киргизстана. – Фрунзе, 1975. – С. 12-13.
  3. Татыбекова Ж. Великий Октябрь и женщины Киргизстана… – С.125-127.
  4. Щурко Т. «Худжум»: женская эмансипация в период ранних советских «экспериментов» в Советской Киргизии (1918-1930 гг.) / В сб. «Вернуть будущее». – Бишкек, 2014 [Электрондук версия]. URL: http://www.art-initiatives.org/?p=15357 Archived 2016-04-09 at the Wayback Machine
  5. Ошол мезгилде КАО - Кара-Кыргыз автономдук областы.
  6. Татыбекова Ж.С. Раскрепощение женщины-киргизки Великой Октябрьской Социалистической революцией (1917-1936) / АН Кирг. ССР. – Фрунзе, 1963. – С.75.
  7. Татыбекова Ж.С. Указ. раб. – С. 75.

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Татыбекова Ж. Великий Октябрь и женщины Киргизстана. – Фрунзе: Кыргызстан, 1975.
  • 2. Щурко Т. «Худжум»: женская эмансипация в период ранних советских «экспериментов» в Советской Киргизии (1918-1930 гг.) / В сб. «Вернуть будущее». – Бишкек, 2014. Маалымат булагы: http://www.art-initiatives.org/?p=15357 Archived 2016-04-09 at the Wayback Machine
  • 3. Татыбекова Ж.С. Раскрепощение женщины-киргизки Великой Октябрьской Социалистической революцией (1917-1936) / АН Кирг. ССР. – Фрунзе, 1963.