Хүберт Ривз

Википедия дан
Хүберт Ривз, 2014.

Хүберт Ривз, Квебек улуттук орденинин ээси (англ. Hubert Reeves; 1932-жылы 13-июль) – Франция жана Канаданын астрофизиги жана илим жайылтуучусу.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ривз 1932-жылы 13-июлда Монреальда туулган, бала кезинде окумуштуу Лери шаарында да жашаган. Ривз Монреальдагы Collège Jean-de-Brébeuf аталышындагы кадырлуу мектепке барган. Ривз 1953-жылы Монреаль университетинде физика адистиги боюнча бакалавр даражасын алган, 1956-жылы болсо ал Макгил университетинде "Суутек жана гелий ичинде позитронийдин түзүлүшү" (англ. "Formation of Positronium in Hydrogen and Helium") аталышындагы бүтүрүүчү иши менен магистр даражасын алган, ал эми 1960-жылы Корнелл университетинен философия илимдеринин доктору болуп чыккан. Окумуштуунун доктордук диссертациясынын аталышы "Орточо жарыктагы өзөктөр катышкан термоөзөктүк реакциясы" (англ. "Thermonuclear Reaction Involving Medium Light Nuclei").

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1960-1964-жылдар арасы Ривз Монреаль университетинде физика сабагынын ага окутуучусу жана NASA агентствосунун кеңешчиси. 1965-жылдан бери Centre national de la recherche scientifique изилдөөлөр борборунун жетекчиси.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]