Мазмунга өтүү

Цвейг Стефан

Википедия дан

Цвейг Стефан (28. 11. 1881, Вена - 22. 2. 1942, Бразилия, Петрополис) - австриялык жазуучу.

Вена, Берлин университеттеринен окуган. Европа, Индия, Кытай, Америкага көп саякаттаган. 1928-ж. Россияга келип кеткен. Психол. новелланын чебери. «Алгачкы көңүл түйшүгү» (1911), «Амок» (1922), «Сезим дүрболөнү» (1927), «Мария Антуанетта» (1932), «ЭразмРоттердамскийдин салтанаты жана жапа чегүүсү» (1934), «Бальзак» (1946) деген новелла жыйнактарында адамдын ички дүйнөсүн ачууга умтулган. «Магеллан» (1938), «Жүрөктүн чыдамсыздыгы» (1939), «Америко» (1942) деген романдары жана эсселери (Э. Верхарн, Р. Роллан, Л. Н. Толстой, Ф. М. Достоевский ж. б. жөнүндө) бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4