Цин империясынын баскынчыл аракетине каршы көтөрүлүштөргө Кыргыздардын катышы

Википедия дан

Цин империясынын баскынчыл аракетине каршы көтөрүлүштөргө Кыргыздардын катышы (18-19-к.) Чыгыш Түркстандагы (к. Синьцзянъ) кыргыздардын Цин империясына каршы кыймылы.

Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин (1758-59) Чыгыш Түркстан Цин империяеынын кол алдында калган. 1759-ж. Чыгыш Түркстандын батыш аймагын басып алуу үчүн кирип келген 9 минге чукул цин аскери кыргыздардын башкалар менен биргелешкен аракетинен улам талкаланган. Мындан тышкары Цин өкмөтүнө каршы көтөрүлүш уюштурган Сарымсак кожого (1785) көлдүк кыргыздар, Ташмалык шаарынын акими Зия ад-динге (1814-15) кыргыз бийи Турдумамат, Жааңгер кожого (1822, 1825-28) Суранчы бий жана алайлык кыргыздар кошулушкан (к. Тайлак баатыр, Суранчы бийдин козголоңу). 1878 - ж. Чыгыш Түркстанда Алдаш, Хаким-хан торе, Абдрахман, Мухаммед-Ислам жетектеген кезектеги көтөрүлүш башталып, кыргыздар өтө чоң көмөк көрсөтүшкөн. 1879-ж. Кашкар шаарынын батышындагы салгылашууда көтөрүлүшчүлөр жеңилип, 2 минден ашык адам курман болгон. Куугунтук жеген көтөрүлүшчүлөрдүн көбү Россия империясынын аймагына (азыркы Кыргызстан, Казакстан ж. б.) жер которууга аргасыз болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4