Цистицеркоз

Википедия дан

Цистицеркоз (Cysticercosus) - малдын (кой, чочко, төө, эчки, жылкы, бугу, жапайы кепшөөчүлөр, сейрек бодо мал) инвазиялуу ылаңы.

Киши да ооруйт. Мите тасма курт - цестоддун (цицтицерктер же финндер) ыйлаакча сымал личинкалары пайда кылат. Малга алиментардык жол (иттин заны менен айлана-чөрөгө таралган гельминттин жумурткаларын суу же тоют менен жутуп алат) менен жугат. Цистицерктер малдын боорунда жана серозалык чел кабыгында (көбүнчө чычыркайда) орун алып, чоңцугу буурчактан тооктун жумурткасындай (2-10,0 лшдей) болуп өсүп, жүзүмдүн талчаларындай болуп, салаңдап турат. Акыркы ээси ( ит ж. б.) өлгөн же союлган малдын Цистицеркозго чалдыккан органдарын жеп, жугузуп алат. Ыйлаакча булчуңдар аралык тутамдаштыргыч ткандарда (жүрөк ж. б. булчуң эттерде), боордо, өпкөдө ж. б. органдарда орун алат. Цистицеркоздо калтыратма, миозит, тез арыктоо, эозинофилия байкалат. Көбүнчө өлүм менен аяктайт. Вет.-санит. экспертизанын негизинде диагноз коюлат. Дарылоодо празиквантель (дронцит) препаратын 50 мг/кг дозасында күнүнө бир жолу 2 күн берилет. Алдын алууда малды туура багуу, итти короо-сарайга, кампага, жем чөпкө жолотпоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4