Цитология

Википедия дан
Роберт Гуктун сүрөтү, микроскоптун алдында ткандын кесилиши («Микрография», 1664 жыл).

Цитология (грек. κύτος — «орун», биякта: «клетка» жана λόγος — «окуу», «илим») — өсүмдүк жана жаныбар клеткасынын түзүлүшүн жана аткарган кызматын изилдөөчү илим.

Цитологиянын өнүгүшү клетканы изилдөө методдорунун өөрчүшү менен байланыштуу. 17-кылымда бир катар илимпоздор (Р. Гук, А. Левенгук, М. Мальпиги, Н. Грю жана башкалар) микроскоптун жардамы менен өсүмдүктөр клеткадан турарын аныкташкан. 19-кылымда жаныбарлар тканы да клеткадан турары жана клеткалык түзүлүшү боюнча өсүмдүк менен жаныбарлардын ортосунда окшоштуктар бар экендиги байкалган. Бирок ал кездеги илимпоздор клетканын негизги бөлүгү анын кабыгы деп эсептешкен. 1839-ж. ошол кездеги клеткалык түзүлүш боюнча топтолгон илимий маалыматтардын негизинде немец илимпозу Т. Шванн клетка теориясын негиздеген. 19-кылымдын аягында клетканын негизги бөлүгү анын кабыгы эмес, протоплазмасы экендиги, клетканын бөлүнүү жолу менен көбөйүшү айкын болду.
20-кылымда электрондук микроскоптун пайда болушу цитологиянын өнүгүшүнүн жаңы этабы болду. Цитология клетканы тирүү организмдердин маанилүү структуралык бирдиги катары изилдеп, биологиялык илимдердин ичинен негизги орунду ээлейт. Ал гистология, өсүмдүк анатомиясы, генетика, биохимия, микробиология жана башкалар илимдер менен тыгыз байланышта өнүгүүдө. Цитология изилдөөчү объектилери менен ыкмаларга жараша цитогенетика, цитоэкология, онкологиялык цитология, иммуноцитология жана башкалар тармактарга бөлүнөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8