Цунлин

Википедия дан

Цунлин – тарыхый топоним.

Кытайлык геогр., тарыхый адабияттарда б. з. ч. 2-к-дан бери белгилүү тоо тизмегинин аты. Мурун ага Кырг-ндын аймагындагы, Кашкардын батышындагы тоолорду ж-а Памирди киргизип келишкен. 19-к-дын аягы 20-к-дын башынан Цунлин («Луковые горы» – «Пияздуу тоо») деп кытайлар негизинен Кашкар м-н Памир тоолорун түшүнүшкөн. Орто Азия тоолору чынында эле жапайы пиязга бай. Жалаң батыш Теңир-Тоо м-н Чыгыш Памирде пияздын 76 түрү кезигет. Алардын көптүгүнөн жерг. тоо, ашуу, өрөөндөр эзелтен эле Көбүргөнтү, Миязды, Сарымсакты, Согонду атыгып кеткен. Кытайлар ушул аборигендик аттарды гана жалпылап өз тилине которуп алышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын геогр. номенкла-турасында Ц. топоними кездешпейт. Алар кытайлык ж-а тарых-геогр. адабияттарда гана жолугат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2