Чаек минералдуу суусу

Википедия дан

Чаек минералдуу суусуНарын облусунун Жумгал районунундагы дарылык касиети бар минералдуу ысык суу. Чаек кыштагынан 3 км түндүк-чыгыш тарапта, Четкууганды сайынын оң өйүзүндө, Жаманталаа адырынын четинде, деңиз деңгээли 2200 м бийиктикте жайгашкан. 1981-ж. бургуланып. 1115 м терңдиктен чыгарылган. Кен аймагында неогендин гравелит, кумдук, чопо, конгломерат тоотетиктери жана анын үстүн жаап жаткан байыркы төртүнчүлүк мезгилдин чөгүндүлөрү жатат. Суу плиоцендин калыңдыгы 3мге жеткен гравелит катмарында топтолгон. Суу муун, тери ооруларын киринүү жолу менен дарылоого жарактуу.