Чайот

Википедия дан

Чайот, мексика бадыраңы (Sechium) - өсүмдүктөрдүн ашкабактар тукумунун уруусу.

Көп жылдык чырмалма, сабагынын уз. бир нече мге жеткен, мурутчалуу чөп. Жалбырагы беш ача, уз. 10-20 см. Гүлү анча чоң эмес, өңү ак саргыл, аталык гүлү чачы топ гүлгө чогулган, энелик түлү жалгыздан. Мөмөсү сүйрү, алмурут сымал, салмагы 100 гдан, чанда 1 ммга чейин жетет. Бир мөмөдө бир чоң урук болот. Мөмөсү тамак-ашка пайдаланылат. Жалбырагы баалуу тоют, жалбырагынан була алынып, корзина, шляпа ж. б. токулат. Бир түп Чайот 1000ге жакын мөмө байлайт. Уругу жана калемчесинен көбөйөт. Илгертен Мексикада жана Борбордук Америкада өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4