Чамба (эл)

Википедия дан

Чамба (цамба, джамба, самабу, сама, динга, леко) — эл. Нигерияда (Гонгола штатында) жана Камерунда (Бенуэ дарыянын жогорку агымында) жашайт.
Чамба-лекон, кунгана, сунтан, донга и такум субэтникалык топтордон камтыйт.
Жалпы саны 640 миң адам. Анын ичинде Нигерияда 340 миң, Камерунда 300 миң.

Чамба

Чамба атчан жоокери
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 640 миң адам
 Нигерия — 340 миң
 Камерун — 300 миң

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чамба-леко же сунтаи тилдеринде сүйлөшөт. Ал тилдер Нигер-конго макробүлөсүнүн адамава-убанги уясына кирет. Ошондой эле калктын арасында англис (Нигеридяда) жана француз (Камерунда) тилдери кеңири таралган.

Коом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социум

Коомдук түзүлүштүн негизин чоң үй-бүлөлүк жамааттар жана патрилатералдык экзогамиялык топтор түзөт. Нике отурукташуу вирилокалдык. Левират, сорорат, сатып алган нике системаларды колдонушат.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманат. Ата-бабалардын арбагына жана жаратылыш күчтөрүнө сыйынуу, магия, төлгө. Чамба арасында мусулмандар да бар.

Чарбалык иштер

Малчылык (ири мүйүздүү мал) менен алектенишет.

Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүк (карападан идиш жасоо, себет токуу) өнүккөн.

Турак жай

Турак жай тегерек, дубалдары кирпич жана конус түрүндөгү саман менен жабылган. Дубалдар көбүнчө сүрөттөр жана оймо-чиймелер менен кооздолгон.

Кийим

Аялдардын салттуу кийими — буладан же мончоктон жасалган алжапкыч, эркектердин — белдемчи. Азыркы учурда салттуу кийимден алыстап, заманбап кийинишет.

Тамак-аш

Сүт жана сүт азыктары.

Маданият

Этникалык фольклору (жомоктор, мифтер, ырлар, макал-лакаптар) бай.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]