Чанач ашуусу
Көрүнүш
Чанач ашуусу — Чаткал кырка тоосунун орто бөлүгүндө. Бийиктиги 3408 м. Ашуудан Чанач суусу башталат. Түн бети жантайыңкы, нивалдык сейрек өсүмдүктөр кездешет, түштүгү тигирээк, жылаңач. Белинде өсүмдүк жок. Ашуу май-октябрь айларында ачык. Фергана жана Чаткал өрөөндөрүн байланыштырган автожолу өтөт.