Чапан тейит (Канкел чапаны)

Википедия дан

Бул жазылган нерсе оозеки чыгармачылык . Өзбекистанда жашаган этникалык кыргыздардын канында таджик,Өзбек улуттары бар.

ЧАПАН ТЕЙИТ - учурда жакынкы чет элдердин ичинде Өзбек республикасынын Жызак Сырдаря областарында кеңири таралган ичкиликтердин тейит уруусунун бөлүгү болуп эсептелет.

Канкел чапаны – чапан деген сөзүнүн маанисин чечмелей кетсек бул атка жеңил, тайга чак көпчүлүктү сөзү менен, арекети менен өзүнө карата алган чечен эр жүрөк эли үчүн күрөшкөн киши маанисин берет). Чапан тейит уруусу нукура кыргыз жашаган Бахмал районунун Музбулак, Тентек кыштак, Тогон булак, Ак-моло, Күнгөй, Замын районунун Карамазар, Тамтым, Каримсай, ошондой эле Достук районунун Манас айылында, Арнасай, Ильич, Пахтакар, Зарбдар райондору Жызак шаарында жашап иштейт. Алардын саны болжол менен 10 миңден ашат. Кээ бир тарыхий малымат булактарында айтып келтиргендей ичкиликтин тейит уруусу Самарканд, Бухара областарынан тартып Арал денгиздерине чейин жашап келишкен. Бул чек улуу кыргыз каганатынын батыштагы чегарасы болуп эсептелген. Учурда Самарканд областында ”Кыргыз мазар” Сурхан даряда “Кыргыз аул” Харазым областында “Кыргыз ям”(Кыргыз арык) деген жерлер сакталып калган. Чапан тейиттен чыккан чыгаан темир уста Уста Карача бабабыз кадимки Никалай падышасынын аскерлери үчүн Бухара шаарында замбрек, тапанча жана түрдүү ок атуучу куралдарды жасап берген. Бул кызматы учун Бухара бийлиги Уста Карача бабабызга өз кол тамгасы менен алтын ширетилген бел курчоо белек кылган. Дагы бир бабабыз Уста Тобокел биринчи жолу кол жаргычакка чел койуп эл учун суу тегирмен курган. Кеңеш өкүмөт доорунда чапан тейит уруусунун өкулдөрү кеңеш өкүмөтүнүн орношуна жана айыл-чарбасына өнүктүрүүдө эл агартуу жоотуна улуу Ата мекендик согушта жеңишке ээ болууда өздөрүнүн салымын кошушкан. Өтө тереең билимге ээ болбосо да ошол мезгилде Жусупбай, Сайдазимбай, Календербай, Молдо-Каралар калхоз башкармасында кызматында иштеп эл башкарып келишкен. Ислам жолунда билим алып элге исламий жол жорук көрсөтүүдө Молдо Жакып, Молдо Данияр, Молдо Короз, Молдо Абдирайим, Молдо Тойчу, Молдо Кубат, Молдо Ташбай ажы, Молдо Сайиттер өзгөчөлөнуп келишкен. Айрыкча Бухара, Ташкент, Эгипед, Пакистанда илим алып кийинчерээк Жызак, Самарканд областарында баш имам кызматын аткарып келген Молдо Назаркасым ажынын эл ичинде таасири күчтүү болуп, жүздөгөн шакирттерди даярдаган жана жетиштүү урмат сыйга ээ болгон. Азаттык жолунда эл эркиндиги учун күрөшкөн чапан тейит өз учурунда улутчул атка конгон кол башчы (же кор башы) Кенжебай болгон.

Анын башыны 1916 жылы орус аскерлери канжыгага байлап чендеп Курапаткинге жеткеришкен. Мындан сырткары Мамат, Тапкан, Ысак аттуу мекенчил улутчулдар жалпы кыргызды коргоп тышкы душмандарга каршы күрөшүп келишкен. Алардын атын укканда душмандар дөбө аша качып, бешиктеги бала ыйлаганын токтоткон дешет. Саяпкерчилик кылып жылыны топтоп улак чаап жалпы өзбек,тажик,казака белгилүү болгон кыргыз наамын коргогон балбандар, Карабай балбан, Ташкен балбан, Маматкул балбан, Мурат балбан, Балта балбан, Бакир балбан,Базарбай балбан, Эрназар балбан, Абдурасул балбандар менен жалпы кыргыз сыймыктанат. Кыргыз айылдарында мектеп ачып Жалал-Абад шаарында билим алып жаштарга кат танытып, билим берген алгачкы мугалимдер: Умаров Маматмуса, Жораев Бердибай, Муханмадиев Төрөбек, Жумаев Базарбай агайлар элди сабаттуу кылууда өздөрүнүн чоң салымын кошушкан. Учурда чапан тейит уруусунун балдары үч нукура кыргыз орто мектептеринде билим алышат. Бул мектептердин бири Ж. Бөкөнбаев атындагы №21 орто мектеп калективин түптөгөн киши эл аксакалы СССР билим берүүсүнүн отличниги 30 жыл бою мектеп директору,кийинчерээ чарба директору болуп иштеген Шапаат Нурманов болуп эсептелет. Бул улуу мугалим эл аксакалы, өз демилгеси жана өз каражаты менен учурдагы Манас атындагы кыргыз мектебин куруп ишке түшүрдү. Бул мектепте учурда 25 мугалим 250 окуучуга билим беришет. Мектеп директорлору болуп Равшанов Бегали, Нурманов Мухтар, Умаров Абдусаттар эмгектенишет. Элге билим берүүдө Кудайбердиев Ажимурат, Ахмедов Берикбай, Караев Кудрет, Умаров Казакбай, Сангиров Алишер, Утаев Алишер, Тажибаев Абдуалим, Эрназаров Кайым, Мухмадиев Турабек, Мухамедиев Турсунбай, Азимов Керим, Азимов Ачил, Кушиев Ташбол жана улуу ата мекендик согуш ветерандары Совет армиясынын офицери Төраев Тургунбай, Жумаев Базарбай агайлар үзүрлүү эмгектенишкен. Улуу ата мекендин ветераны кесиби мугалим согуштан кийин Бахмал райондук комсомол уйумунун биринчи катчысы Төраев Тургунбай кийинчерээк Булунгур районун пахта заводунун жетекчиси болуп иштешкен. Коммунист Ганыбай Эрназаров райкомпартиянын экинчи катчысы кызматында эмгектенген. Ленин ординин эки жолу эмгеке кызыл туу орденинин ардегери республикага эмгек сиңирген белгилуу пахтакар Гаппар Шадманов, республикага эмгек сиңирген зоотехник Жоробай Чалабаев, республикага эмгек сиңирген пахтакар эмгек кызыл туу орденинин ковалери Саид Анаркуловдар эл арасында өзгөчө урмат сийга ээ болушкан. Илим жана билим жаатында үзүрлүү эмгектенип республикада жалгыз топономика окумуштуу, филология жана география илимдеринин доктору професор Кыргыз республикасынын бир нече жогорку окуу жайларынын ардактуу професору, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун өзбек оукурмандарына которуп берген котормочу аксакал Суйун Караев. Жызак педогогика интиститунун доценти, математика илимдеринин кандидаты Ислам Суйунов, Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин математика мугалими билим беруунун отличниги Шухрат ординини ээси Чалабаев Эсиркеп, ошол эле мектепти бутуруп филология ангилис тили мугалими кесибин ээлеген чапан тейиттерин ичинен биринчилерден болуп өз билимин АКШ, Израил, Япония сыяктуу өнүккөн мамлекетдерде өнүктүрүп мугалим, мектеп директору билим берүүнүн райондук областтык звенолорунда, ошондой эле партия жана совет системасында 30 жыл бою эмгектенип учурда өзү мындан 40 жыл мурда бүтүргөн ошол эле Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унверситетинде дотцент кызматында эмгектенип жаткан билим беруунун отличниги Анарбаев Мирсеид. Бир канча жылдар бою жол курулушуда баш инженер кийинчерээк баш болгон Лапасов Луфилла. Ошондой эле көптөгөн жылдар бою укук коргоо системасында тергоочу, прокурор болуп иштеген эмгек сиңирген юрист Кулбеков жана Сырдаря областында облас судясында кызмат кылган Галтемиров Шералылардын эмгегин өзгөчө белгилеп кетүү зарыл. Окумуштуу аграном өз мезгилинде илмий изилдөө иниститутунун директору Эсанов Сапарали саламатыкды сактоодо өз эмгектери менен элге танылган дарыгерлерибыз Сангиров Душөн, Алматов Абдурасул,Алматов Акрам. Айыл өкүмөтүнүн төр агасы Алимов Шеркозу 30 жыл бою райондук жол курулуш башкармасынын жетекчиси Анарбаев Жорокул, Замын токой чарба көрүгүнүн директору Равшанов Ачыл, Жызак област айыл-чарба химия башкармасынын жетекчиси Нурманов Бахрам химия башкармасынын текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Айтматов Амир өз эмгеги менен жалпы эл ичинде урмат сыга ээ болушкан. Ал эми азыркы учурда чапан тейит өкүлдөрүнөн Өзбекистанда жана областык масштаптарда. Сапаров Тагай Самарканд област нефт жана газ инспекциясын директору, Жызак област Мырза чөл район нефт базасынын директору Жээналиев Раим, Замын тоо-токой чарба көрүгүнүн директору Нурманов Салахидин, Достук район прокрорунун жардамчысы Бурханов Айбек, Ташкент шаарында Көкөлдаш мечитинин ыймамы Ажы Тобокел Абдурасул уулу, Арнасай район акиминин биринчи орун басары Алматов Жакып, Достук район нефт базасынын башкы адиси Караев Айдар, республикада белгилүү Манас чарбасындагы фермер: Каландаров Ачылдар үзүрлүү эмгектенип келе жатышат.

1990-жылдары Совет өкүмөтү ыдырап ар бир мамлекеттин өзунчө эгемендүүлүкө мамлектик тил мыйзамдары кабыл алынгандан тартып чет мамлекетерде жашаган аз сандаган улут өкүлөрүнүн жашоосуна бир топ көйгөйлөрү пайда болду.

Ошондой эле Өзбекистанда жашаган этникалык кыргыздардында дарянын бир жээгин көздөй чабак уруусуна тарыхый зарылчылык туулду, ошол мезгилде эле ата мекенибизде биринчи прездентин “Ата мекенге” жарнагы жарялянды. Ошондон улам этникалык кыргыздар алрдын ичинде чапан тейитери да тарыхый ата мекенибиздин Чүй бооруна 2000-жылдан баштап көчүп келе баштады. Көч башында чапан тейитинен Ибрагим Кенжаев, Акбар Өтаев,Орипов Умот, Абдулатип Момунов, Кылыч Алмаматов, Мусурманова Майрам Жоош кызы, Молдо Саид, Молдо Алимардан, Саид Анаркулов, Бахадыр Адиев, Сапар Рахманов, Маркабай, Козумуратов Анарбай, Мирсаид Анарбаев, Жолдош Жайнаков, Бахрам Нурманов, Бегали Абдуазимов, Эгембердиев Жоро, Жаббаров Акбай, Алматов Марданкул, Ташкен балбан жана башкалар турушту. Алар Чүй боорунун Москва, Сокулук, Аламидин райондорун Бишкек шаарына жайлашты. Тарыхый ата мекенине чапан тейиттеринин кулундары азыркы мезгилде Кыргызыстан республикасынын ар тараптан өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келишет. Кудайбердиев Жалал Бишкек шаарындагы №1 балдар оорууканасында бөлүм башчы, Алматов Дилшод айдоочу , Караев Акыл жеке ишкер, Толкун Нурманов, Камал Жайнаковдор “Дордой” базарында соода да, Анарбаев Дилшод ички иштер тизиминде, Анарбаев Марсел Кытай мамлекетинин Шенжен шаарында эл аралык компаниясында үзүрлүү эмгектенип келишет. Устаттар Нурманов Бахрам, Жайнаков Жолдош, Алматов Марданкул баштаган элдин жеңилин тергеп, оорун колдоп алып кызмат кылып келишет. Теги Замындын Карамазар айылында туулган чапан тейитинин замбарлуу эмгеги бетке чындыкты тайман айтуучу жана жаштарга жалпы эле элге кеп кеңеш берүүчү, керек болсо маданды жана материалды жардамды эч кимден аябаган аксакал Момунов Абдулатип жөнүндө төмөнкү сөздөрдү айтып кетпесе чындап болбос. Ал кишинин атасы Момун бабабыз кылымдын башында эле Баткендин Лейлек районунун Колесо айылына көчүп келет ушул жерде туулуп өскөн Абдулатип агабыз жаш чагынан мээнеткеч, тайманбас болуп чоңойот. 18 жашынан Сүлүктү шактасында жөнөкөй кенчи, мастер даражасына чейин көп жылдар бою иштеген. 1970-жылдары үй-бүлөсү менен ата теги туулуп өскөн Жызак областынын Ильич районуна көчүп барат ал жерде үй-бүлөлүү,бала чакалуу өчөр-бөчөр өмүр кечиришип, үзүрлүү эмгектенишет. Чарбада механик мастер башчысы жетекчи техник уста механиги болуп иштеп “50 жылда эл жаңырат 100 жылда жер жаңырат” дегенчелик Абдулатип аке үй-бүлөсү менен 2000 жылдардын башында тарыхий Ата мекенге кайрылып келип Беловод айыл жеринде жашап атат.

Түркүстан тоо тизмесинин түштүк капталын Малгүзөр тоо кыркасынын түндүк жана түштүк капталдары айтылуу бетегеси белден жайкалган арча бадам чар токойлуу Саңзар жана Замын суусунун башатында Бахмал, Замында жердеген чапан тейиттин төрт уулу болгон. Казак Биркулак Чоной Жумур

Бул жазылган нерсе оозеки чыгармачылык . Өзбекистанда жашаган этникалык кыргыздардын канында таджик,Өзбек улуттары бар.

                                                                              by: Akyl Karaev

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Анарбаев М.
  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.
  • Каратаев О.К. Туунду этнонимдердеги кёптък маанини билдиръъчъ мъчёлёр//Вестник КГНУ. Филологические науки. Ч.2. -Бишкек, 1999. 87-92 бб.
  • Каратаев О.К. Жайчы, калча, мангыт, каракуш, чагыр ж.б. (тарыхый-лингвистикалык иликтёё).Ренессанс. Тарых жана маданият. 2 –чыгарылышы. – Бишкек, -Ош, 1999. 20-25 бб.
  • Каратаев О. К. Фергана ёрёёнъндёгъ кыргыздардын этностук курамы. Ош и Фергана: Археология, новое время, культура, этногенез. -Вып.4. – Бишкек, 2000. 103-105 бб.
  • Каратаев О.К. Кыргыз-огуз тарыхый этникалык байланыштары//КТМУ. Коомдук илимдер журналы, - Бишкек, 2001, 175-186 бб.
  • Каратаев О.К. Кыргыз этнонимдердин структурасы //Вестник КГНУ: Серия.I.Гуманитарные науки. –Вып.3. Филология. Языкознание. Государственный язык. –Бишкек, 2001, 89-92 бб.
  • Молдокасымов К. “Курманжандын көз жашы”. – Б., 1991.
  • Молдокасымов К. Кокон ордосунда кызмат өтөгөн кыргыз тарыхчысы же Кокон хандыгынын тарыхына арналган анын кол жазмасы // Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы. – Бишкек: Турар, 2007. – 3-14-беттер. -
  • Молдокасымов К., Абасбеков А.Т. “Кыргыз айымдары тарых таразасында. (Х1Х кылым)”. – Б., 2004. - А. Т. Абасбеков менен авторлош.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин) // Кыргызстан: Энциклопедия. – Бишкек, 2001.
  • Молдокасымов К.С. Х1Х кылымдын экинчи жарымы –ХХ кылымдын башындагы кыргыз-өзбек элдеринин тарыхый байланышынын өнүгүшү (автореферат), Бишкек, 1994.
  • Кайыпов С. Жылга бергис жарым күн: Илимий-пoпулярдык китеп – Б.: Учкун, 2006. - 220 б.
  • Kayıpov Sulaiman. Folklor Üzerine Yazılar: Makaleler, Bildiriler. – Ankara, 2006.
  • Жумабаев Б. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш. – Бишкек: Учкун, 2009. – 192 бет.
  • Жумабаев Б. Батыштан Азиянын жүрөгүнө чейин // Кыргыздар / Түзгөн Кеңеш Жусупов. – Бишкек, 2003. – Т. 5. – 289-298-беттер.
  • Жумабаев Б., Маанаев Э. Памир кыргыздары: Тарыхий-этнографиялык очерк. – Бишкек, 2009. – 186 бет.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 б.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]