Чарала сойлок

Википедия дан
Чарала сойлок.

Чарала сойлок (лат. Spalerosophis diadema (Schlegel, 1837) ssp. Schiraziana), (Jan, 1865):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул түр Түндүк-Батыш Африкадан тартып Түндүк Индияга чейин таралган. S.d. schiraziana ареалы Иран, Түндүк жана Батыш Афганистан, Орто Азия жана Түштүк Казакстанды камтыйт. Ареалы Түндүк-Чыгышта Амурдарыя жана Чыгыш Кызылкум, ал эми Сырдарыя боюнча Фергана өрөөнүнө чейин жетет. Кыргызстанда Пулгон кыштактын айланасында, Ош шаарына жакын (түрдүн ареалынын эң чыгыштагы точкасы) жана Кочкор Ата жана Сузак айылдардын ортосундагы жолдордо табылганы белгилүү.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз деңгээлинен 1500м бийиктикке чейин бадалду жана чөптүү өсүмдүктөрү сейрек келген кумдуу, чополуу жана таштуу жарым чөл жана чөлдөрдөгү участкалар; суулардын жээктериндеги такыр жарлар жана кумчул чычкандардын колониясы. Кыргызстанда тоо этектеринде зооналарга жакын чополуу дөңдөрдө кездешкени белгилүү.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Отро Азияда Копетдаг, Мургаб суусунун жайылмасы жана Пяндж суусунун төмөн жагынан башка калган жерлеринде саны төмөн; Фергана өрөөнүндө өтө аз. Кыргызстанда болгону 3 жолу табылганы белгилүү: 1884 жылы Ош шаарына жакын, 1988 жылы Пулгон кыштагынын айланасы жана 2005 ж. май айында Кочкората жана Сузак айылдардын ортосундагы жолдо.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда изилденген эмес. Жылуулукту сүйүүчү түр , чээндеги мөөнөтү 100 суткага жакын созулат (Түркменияда марттын башында бүтөт). Жыныстануушусу июнда, июлң-августа 3 – 14 жумуртка тууйт , инкубациясы 2 - 3 ай созулат. Күндүз активдүү. Сойлоп жүрүүчүлөр (геккөндөр, агамалар, кескектер, ок – жылан) жана сүт эмүүчүлөр (Кызыл куйрук кумчул, афган момолойю) менен азыктанышат. Денесин чалып табылгасын муунтуп өлтүрөт. Ийиндерге жана таштардын арасындагы коңулдарга, жарлардын тешиктерине кирип жатышат. Кишини көргөндө коркунучтуу ышылдап, оозун дээрлик 180° чейин ачууга жөнөмдүлүгүн көрсөтөт.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашаган жерлеринин өзгөрүлүшү жана тынчсыздандыруу фактору, түр ареалынын түндүк – чыгыш чегинде географиялык жана климаттык экстремалдык шарттардын таасир этиши.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

S.d.schiraziana – террариум сүйүүчүлөрдүн популярлык обңектиси, көбөйтүү салыштырмалуу жеңил, колдо кармоонун жакшы шарттарында жылына эки жолу тууйт – ноябрда. Кыргызстанда колдо кармап багуусу жөнүндө маалыматтар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда Фергана өрөөнүндө жана шериктеш өлкөлөрдө атайын коргоого алынган эмес. Өзгөчө коргоодогу жаратылыш территорияларында белгилүү табылган жерлеринин бирөө да жана табыла турган жерлери көрсөтүлгөн эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяцияларын издеп табуусун улантуу, кийинчерээк жагымдуу жерлерге көбөйүшү үчүн колдо багып көбөйтүүнү уюштуруу, жыланды кармоого тыюу салуу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

CR C 2 b категория. Түштүктүн батыш – палеарктикалык түрдүн белгилүү 4 түрчөсүнөн бирөөсү; Кыргызстанда түрдүн ареалынын чегинде 1 - 3 обочолонгон өтө аз сандагы ( такыр жоголуп кетиши мүмкүн) популяциялары белгилүү, алардын жашаган жерлери антропогендик таасир астындагы зонада.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]