Чарбалык эсеп

Википедия дан

Чарбалык эсеп - чарбаны пландуу жүргүзүү ыкмасы, ал төмөндөгүгө негизделет: продукция чыгарууга кеткен ишкананын чыгымын өндүрүштүк-чарбалык ишинин натыйжасы менен салыштыруу, чыгымдын ордун киреше менен толуктоо, өндүрүштүн рентабелдүүлүгү камсыз кылуу, план тапшырманы аткарууда ишкананын материалдык кызыкчылыгын жана жоопкерчилигин арттыруу, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу.

Чарбалык эсеп коомдун кызыкчылыгын ишкана коллективинин жана ар бир эмгекчинин кызыкчылыгы менен айкалыштырууга шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9