Чаргын

Википедия дан

Чаргын (Осмонаалы) Ормон уулу - Ормон хандын экинчи уулу. Ормон хандын ордосунун жана жеке коопсуздугун камсыздаган. Ормон хан жыйдырган мылтыктарды аткан мергендердин тобун даярдаган жана башкарган. Бул топ 1847-ж. кыргыз-казак согушунда Чаргын башында турган кыргыздын көзгө атаарлар тобу казак колун чоң зыянга учуратып, жеңиштин кыргыз тарабына оошуна зор салым кошкон. 1863-жылы жайында Нарын аймагында подпоручик Зубаревдин баштаган орус аскерилеринин тобуна кол салууга катышкан. Чаргын агасы Үмөтаалы менен дайым бирге жүрүп, аны менен кошо орус аскерлеринен Кашкарга чегинген, 1868-ж. орус бийлигине багынып берген.