Үмөтаалы Ормон уулу

Википедия дан

Үмөтаалы Ормон уулу (болжолу 1810/12–1879) – Ормон хандын тун уулу; кыргыз тарыхындагы өтө карама-каршылыктуу инсан.
Ормон хан тирүү кезинде эле Үмөтаалыга эл бийлете баштаган. Кенесары султанды жеңгенден кийин, Ормон хан 1848-жылы аны Боромбай, Жантай, Жаңгарачка кошуп, орус бийликтери менен сүйлөшүүгө жиберген. Үмөтаалы атасынын заманында орустардын Ала-Тоо округунун башчысы менен алакада болуп, атасы өлгөндөн кийин 1855–67-жылы орус басып алуучуларына каршы күрөшкөн.
1855–60-жылы Ормон хандын куну үчүн бугу уруусу менен болгон согушта сарыбагыш уруусунун башында турган. Бул согуш өч алуу үчүн уюшулган болсо дагы, чындыгында Үмөтаалы атасынын бийлигин калыбына келтирүүгө умтулган. Мүнөзүнүн катаалдыгы бугу менен сарыбагыштын чабышында айрыкча көрүнгөн. Бул чабыш Төрөгелди баатырды бошотуп алуу үчүн болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин аяктаган.
1860-жылы сарыбагыш уруусунун жетекчилерин колго түшүрүп, жазалоо максатын көздөгөн капитан Венюковдун отряды келгенде Үмөтаалы менен Төрөгелди Нарын, Ат-Башы тарапка эли менен көчүп кеткен. Орус менен кокондуктардын ортосундагы 1860-жылы жай, күз айларындагы Кастек жана Узун-Агачтагы согуштарда Алымбек датканы колдогон. Кокон ханы Мала хан тарабынан куугунтукталган Алымбек датка 1861-жылы Нарын аймагына келгенде, Үмөтаалы ага чоң жардам көрсөткөн.
1862-жылы сарыбагыш уруусу менен бирге орус бийлигин формалдуу түрдө таанууга аргасыз болгон. Бирок 1863-жылы жайында Нарын аймагында жүргөн капитан Проценко жетектеген орус аскерлеринин экспедициясына тамак-аш, каражат алып келе жаткан подпоручик Зубаревдин тобуна кол салган.
Үмөтаалы иниси Чаргын менен Осмон Тайлак уулунун колдоосунда 19- июнда Эки-Чаттагы Нарын суусуна коюлган көпүрөнү талкалап, Зубаревдин аскерлерин аткылашкан. 21-июнда Проценконун аскери келгенде Аксайга чегинип кетишкен.
1864-жылы Алымкул аталыктын Тогуз-Тородон Кочкорго чейинки жүрүшүндө Үмөтаалы ага кошулган. Бирок, Коконго караган Чымкенди орустар басып алганына байланыштуу Алымкул Коконго кайтып кеткенден кийин, Үмөтаалы орустардан сактанып Чаргын менен Осмонду алып, Кашкар тараптагы тоолордо көчүп-конуп жүргөн.
1864–67-жылы Үмөтаалы Атбашы, Нарындан Кашкарга чейинки аралыкты ээлеп, Кокон, Кашкар кербендерин тоноп жана орус бийлигин кабыл алган кыргыз урууларына кол салып турган.
1867-жылы Кашкарда Жакыпбек бийликке отургандан кийин, ал Үмөтаалыны кыса баштаган. Орус аскерлери да 1867-жылы жайында полковник Полторацкийдин жетекчилигинде Ат-Башы, Чатыр-Көл аймактарына экспедиция уюштурушкан. Туш тарабынан кысылган Үмөтаалы 1867-жылы күзүндө Н. А. Северцовдун кошуунуна келип, орус бийлигин толук тааный турганын билдирген. Орус өкмөтү Үмөтаалыдан өлгөн 2, жарадар 4 солдат жана бир офицер үчүн 375 жылкы же 7500 рубль (7 жылкы – 20 рубль) кун талап кылган. Ал 1868-жылы кунду толук төлөп берген.
1868-жылы орус өкмөтү «Түркстан аймагын башкаруу боюнча жобо» кабыл алган, башкача айтканда болуштук башкаруу реформасын жүргүзгөн. Бул реформа боюнча мурдагы бир урууну бир гана манап башкарбастан, миң түтүнгө бирден болуш шайланууга тийиш болгон. Үмөтаалы орус бийлиги менен алакалашпай, тынч жашоого өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ҮМӨТААЛЫ ОРМОН УУЛУНУН ОРУСКА КАРАГАНЫ