Чаргынов Алыбек
Чаргынов Алыбек (1917, Камышбашы айылы - 1995) - коомдук ишмер. Жалал-Абад зооветтехникумун, А. Орозбеков атындагы Советтик партиялык мектепти бүтүргөн (1935).
- 1933-34-ж. Кетментөбө райондук аткаруу комитетинин иш башкаруучусу,
- 1935-жылдан Ортоарык айыл кеңешинин жооптуу катчысы,
- 1935- 1938-ж. Кетментөбө райондук “Ленин осуяты” гезитинин адабий кызматкери, жооптуу катчысы, жооптуу редактору,
- 1941-жылдан Үчтерек райкомунда аскер бөлүмүнүн башчысы, Жалал-Абад обкомунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
- 194144--ж. обкомдун кадрлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
- 1944-45-ж. Кыргызстан КПнын Ачы райкомунун биринчи секретары,
- 1945-46-ж. СССР даярдоо министрлигинин Үчтерек району боюнча ыйгарымдуу өкүлү,
- 1946-48-ж. Үчтерек райондук аткаруу комитетинин төрагасы.
- 1948-52-ж. “Кызыл Өзгөрүш” колхозунун башкармасынын төрагасы,
- 1953-56-ж. Үчтерек райондук маданият бөлүмүнүн башчысы,
- 1956-58-ж. Кызылөзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы.
- 1962-77-ж. “Үчтерек” совхозунда бөлүм башчы зоотехник, мал чарба бригадири, №3 бөлүмүнүн партиялык уюмунун катчысы, андан соң согуштун жана эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасы. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы, медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5