Чатырчалуу тяньшанчек

Википедия дан

Чатырчалуу тяньшанчек (лат. Tianschaniella umbellifera, B. Fеdtsch. ex M. Pop) - Көп жылдык. Тамыры ичке, типтик. Сабагы начар өнүккөн, бийиктиги 30-40 см, ичке, жөнөкөй же бутактуу, түксүз же бирин серин түктүү. Тамыр моюнчасынан өскөн жалбырактарынын саны 6-10, сүйрү, чачыранды тишчелүү. Сөңгөк жалбырактары катарлаш, жабышкан боз түктүү. Чачы гүл тобу ар башка цимоздук жалган чатырчадай гүл тобунан турат. Гүлдөрү ичке, узун, топтошкон чатырдай гүл сабында жайгашкан. Чөйчөкчөсү боз түктүү. Желекчеси көгүш же агыш, энелик түтүкчөсүнүн узундугу 1 мм, кыска туурасынан бүктөлгөн, жоонойгон учтары дөмпөк бүдүрлүү. Мөмөлүгү кыска гинофорго ички жагынан бириккен, төрттөн турган жаңгакча. Анын жээктери якорң сымал тикенектүү. Бул чатырчадай топгүлгө жайгашкан монотиптүү өзгөчө гүл тиби.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июлң-августта гүлдөп, август-сентябрда уруктайт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан: Борбордук Тянңшанң (Ысыккөл областынын сырты, Тескей Алатоонун түштүк капталы, Торугарт кырка тоосу, Чатыркөл көлүнүнү тегереги).

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бийик тоолуу капчыгайлардын, суу жээктеринин майда, жука топурактуу аскалуу беттери.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ареалынын чегинде аз санда топтошуп же жалгыздан өсүшү ыктымал.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мал жайыттарды үнөмсүз пайдалануунун натыйжасында табыгый өскөн жерлердин бузулушу.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ареалын популяциясынын абалын изилдеп, түр көп учураган аймактарда ботаникалык заказник уюштуруу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VU. Борбордук Тянңшандын бир кыйла кыскарып бара жаткан сейрек эндем түрү. Монотиптүү тукумдун өкүлү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]