Чатыр–Көл

Чатыр–Көл (көл)
жайгашкан жери Аксай өрөөнү
координаттары 40°38′ с. ш. 75°17′ в. д.HGЯO
Түрү Тоо көлдөрү
Негизги куймалары Көк-Аргын, Муз-Төр, Таш-Булак, Муз-Бел, Айрык, Үч-Булак
Эң узун жери 23 км
Эң жазы жери 11 км
Чарасынын аянты 175 км²
Орточо тереңдиги 14 м
Эң терең жери 20 м
Чатыр–Көл (көл) Уикиказынада

Чатыр–Көл - түштүгүндө Торугарт тоо кыркалары, түндүгүнүн Ат-башы тоо кыркалары курчайт. Бул тоо кыркаларынын мөнгүлөрдөн эрип аккан суулар жерден сызылып чыккан булак сууларына кошулуп Чатыр-Көлгө куюп турат.

Жалпысынан алганда көлгө 50дөн ашуун суу куят. Алардын ичинен тынымсыз көлдү толтурган Көк-Аргын, Муз-Төр, Таш-Булак, Муз-Бел, Айрык, Үч-булак суулары бар.

Чатыр-Көлдүн узундугу 23, туурасы 11 километрге созулуп, чарасынын аянты 175 чарчы км түзөт. Тереңдиги 7 метрден 20 метрге чейин.


Чатыр-Көл жапайы канатууларга бай. Кышкысын кату сукка байланыштуу көл бети 1 метрден ашуун калың муз менен капталып, май айларынын ичинде муздар эрип көл бети ачылат. Келгин канаттуулар жайкысын келишип, көл ортосундагы аралдарга уялашып, балапандарын баралына жеткирип учуп кетишет. Чатыр-Көлдө сууда сүзүүчү канаттуулардын 30га жакын түрү уялайт.

Жай айларынын жылуу күндөрүндө алардын түлөгү жүрөт. Келгин канаттуу куштардын көбөйүшүн камсыз кылуу максатында Чатыр-Көл жана анын жээктери корукка алынган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]