Чаңгыр-Таш мунай-газ кени

Википедия дан
Чаңгырташ мунай-газ кени‎»‎ барагынан багытталды)

Чаңгырташ мунай-газ кениЖалал-Абад облусунун Сузак районунда.

Жалал-Абад шаарынан 30 км батыш тарапта, Акман адырларынын түш. этегинде жайгашкан. 1932-жылдан белгилүү. Кен аймагын неоген, палеоген ж-а бор мезгилдеринде пайда болгон чопо, кумдук, алевролит, доломит жана акиташ тектери түзөт. Мунай менен газ палеоген мезгилинин майда бүртүкчөлүү, ачык күрөң, агыш боз түстөгү кумдук ж-а акиташ тегинде топтолгон. Кабаттардын орт. калыңдыгы 25, 16 м. Мунай жеңил, салышт. Салм. 0,849, парафиндүү акциздик чайырлар 28–32%. Бургулоо көзөнөгүнөн мунайдын чыгышы суткасына 0,8 –2,1 т. Кен кабаттарынын аянты 2,8х3,7 кмге жетет. Газ мунай менен кошо чыгат. Салышт. салм. 0,82–0,87%; курамында 70–80% метан, 11% азот бар. Кен 1938-жылдан иштетилип, мунай жана газ алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2