Мазмунга өтүү

Чаң соргуч

Википедия долбоорунан
Чаң соргуч

Чаң соргуч — бөлмөнү, кийимди, килемди ж. б. чаңдан тазалооочу аба соргуч түзүлүш.

Чаң соргуч дубалды актоодо, жыгач, металл буюмдарын сырдоодо, абанын нымдуулугун сактоодо жана өсүмдүктөргө ар кандай дары чачууда да пайдаланылат. Чаң соргуч негизги тетиктери пластмаcса же металл корпуска бекитилген коллектордуу электр кыймылдаткычтан жана борбордон четтөөчү желдеткичтен турат. Чаң соргучтун пол тазалагыч, кол менен иштетилме, автомобиль үчүн жана щёткалуу түрлөрү бар.

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4