Челек

Википедия дан

Бул — жыгач идиштеринин бир түрү. Көбүнчө суюк нерселерди куюуга, ачытууга, уютууга колдонулган идиш челекти чеберлер арчадан, кайыңдан, карагайдан жана башкалардан жасашат. Болжолдуу калыңдыгы эки см дей, бийиктиги (бою) 46—55—65—75 см дей, 3— 16 литр сыйымдуулукта (ичтүүлүктө) кармашат. Мында чебер керектүү чоңдуктагы жыгачты кыйып келип, жарып кургатат да, өз-өзүнчө чабактап чыгат. Аны керектүү формада кынаптайт. Бири-бирине калай, жез, мис, көбүнчө жукартылган тал, арчадан алкак ийип, курчап бириктирет.

Жыгачтын ичин оюп, чакан челек да жасалат. Ага көркөм кештелерди түшүрүшөт. Мында кырмачылык ыкмасы колдонулат. Ал «бал челек», «май челек» деп аталат. Челектин капкагы болот. Куйган тамак-аштын даамын бузбай сактоодо муну кез-кез ыштап, мал майына кандыра майлап турат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)