Чемпионат

Википедия дан

Чемпионат - спорт мелдештеринин бир формасы; женүүчүнү - чемпионду аныктоо үчүн өткөрүлүүчү биринчилик.

Чемпионат өткөрүү тартиби жана шарты мелдеш жөнүндөгү атайын жобо менен аныкталат. Чемпионат түрдүү масштабда - район, шаар, обл. Чемпионаттан өлкөнүн, континенттин жана дүйнөнүн Чемпионатына чейин өткөрүлөт. Чемпионаттарды өткөрүүнүн мезгили жана анын масштабы спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын чечимине ылайык ар кыл болот. Чемпионат командалык, жекече жана жеке командалык болуп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]