Ченнинг Тейтум

Википедия дан
Ченнинг Татум
Ченнинг Мэттью Тейтум
Төрөлгөндөгү аты:

Ченнинг Мэттью Тейтум

Ишмердүүлүк тармагы:

актер
модель
продюсер
бийчи

Туулган датасы:

1980-жыл,26-апрель

Туулган жери:

АКШ,Каллмен шаары, Алабама штаты

Жарандыгы:

Америка Кошмо Штаттары

Атасы:

Кей Тейтум

Апасы:

Гленн Тейтум

Жубайы:

Дженна Дуан

Балдары:

Эверли Элизабет Мэйзелл Тейтум

Че́ннинг Мэ́ттью Те́йтум[1] (англ. Channing Matthew Tatum, МФА (амер.) [ˈteɪtəm]; таралган аты Та́тум 26 апрель 1980, Каллмен[en], Алабама, АКШ) — америкалык актёр, жана модель.

Бала чагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы курулушта, апасы авиакомпанияда эмгектенген Ченнингдин генинде ирланд, француз, индейлердин каны бар. Балалыгы АКШнын Каллмэн шаарында өтүп, 6 жашында үй-бүлөсү менен айылга көчүп барышат. Окуудан тышкары америка футболу, жеңил атлетика, бейсбол менен алектенип, кунг-фу менен да машыгат. 1998-жылы Батыш Виржиниянын колледжинде окуусун улантуу бактысы буюрат. Бирок ал жакта көпкө кармалбай үйүнө кайтып келе берген. «Атам менин жакшы окуп, бир кесиптин ээси болушумду каалачу. Бирок элестеткиле, мен эл бир күндө окуган сценарийди 5 күндө окуп бүтөм. Бала кезде мени такыр эле кем акылга чыгарып, аутист балдар менен чогуу окутушкан. Ал жакта күчтүү дарыларды иче берип «зомбиге» айланып баратканда гана токтотуп калгам»,- деп балалыгын эскерет актёр.

Стриптиз бийчи[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ченнинг 15 жашынан тартып түнкү клубдардын дайымкы кардарына айланган. Башында тартынып четте гана элди карап турса, кийинчерээк бий аянтынын «падышасына» айланып чыга келет. Келечек тууралуу ойлоону да каалабаган болочок актёр куруучу, дүкөндө сатуучу, ветеринардык клиникада жардамчы, анан да стриптиз бийчи болуп иштейт. Сымбаттуу, келбеттүү мырза, 18 жаш кырчын кез, ашып-ташкан энергия, кыздар... Мындай жашоо Тейтумду толук канааттандырчу. Анткен менен мындай жыргалчылык көпкө созулган эмес. «Бара-бара 10 жылдан кийинки жашоомду ойлоно баштадым. Денем шалбырап, айымдар стрингиме акча кыстарып жатканын элестетип коркуп кетчүмүн. Андыктан бул жумушумду таштоону чечтим»,- дейт ал.

Актердук карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тейтумдун чыгармачылыктагы тушоосу Рикки Мартиндин «She Bangs» клибинен кесилген. Андан соң бат эле моделдик агенттиктерге чакырылып, Dolce & Gabbana, Emporio Armani сыяктуу бир катар беделдүү бренддер менен иштешет, жарнамаларга тартылат. Биринчи жолу "C.S.I.: Кылмыш орду – Майами" сериалында эпизоддук ролду ойнойт.

Андан кийин эле «Бир кадам алдыга» тасмасындагы башкы ролу ага чоң атак алып келет. Бат эле жылдызы жанып чыга келген актёрго көз арткан, жеткиси келген айымдардын саны арбый берет.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тейтум сүйүү жаатында көпчүлүккө үлгү болчудай. «Бир кадам алдыга» тасмасындагы өнөктөшү Женна Дуан менен тасма аянтында табышты, сүйүштү, үйлөндү. Эки жашты ушул күнгө чейин ажырашты деп көп жолу жазып чыгышкан. Бирок анын баары катардагы ушак болуп чыгат. «Женна экөөбүз тең бир көрүп сүйүштүк. Биз тасмада роль ойногон жокпуз, чыныгы сезимдерибизди көрсөттүк. Тасмадан кийин экөөбүз Лос-Анжелеске келип, ошону менен ажырашкан жокпуз»,- дейт актёр сүйүүсү тууралуу. 

Ошентип, эки жаш 2009-жылы баш кошуп, 4 жылдан кийин кыздуу болушкан. Актёр абдан баласаак, «кээде бир күн кызымды көрбөй калсам, кадимкидей чоңойгондой, бет түзүлүшү да өзгөрө түшкөндөй сезилет» дейт ал.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ченнингдин»33andOut Productions» деген кино тартуучу компаниясы бар.
  • Актёр Сергей Бодровдун «Монгол» тасмасында Чыңгызхандын ролун жаратмак, бирок анын ордуна Таданобу Асано алынган.
  • 2001-жылы "Tear Sheet" журналынын версиясы боюнча "Эң келишимдүү 50 адамдын" катарына кирген.
  • Жубайы Женна экөө 2011-жылы «10 жылдан кийин» тасмасында сүйүшкөндөрдүн ролун жаратышкан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Премиясы Номинациясы Тасмасы Жыйынтыгы
2006 Independent Spirit Awards Экинчи пландагы эн мыкты эркек ролу Озундун ыйыктарынды кантип билсе болот?

(Как узнать своих святых?)

Номинация
Sundance Film Festival Озгочо жюринин призи Жениш
Teen Choice Awards Осуу Ал-эркек(Она-мужчина) Жениш
Teen Choice Awards Choice Liplock Номинация
2007 Independent Spirit Awards Choice Movie Actor:Drama Бир кадам алдыга(Шаг вперед) Номинация
Teen Choice Awards Choice Movie:Dance Жениш
2008 Teen Choice Award Эн мыкты драма актеру Зордогон согуш Жениш
Teen Choice Award Choice Movie Drama Бир кадам алдыга Жениш
Teen Choice Award Choice MySpacer Номинация
2009 Teen Choice Award Choice Movie Actor:Drama Эрежесиз уруш Номинация
2010 MTV Movie Award Эн мыкты эркек ролу Кымбаттуу Джон Номинация
MTV Movie Award Best Ass Kicking Star Кобранын кол салуусу Номинация
  1. Калып:Рыбакин